БатМУ абитуриенттер үчүн босого баллды 95ке чейин төмөндөттү

Баткен мамлекеттик университети

Баткен мамлекеттик университети абитуриенттерди кабыл алууга босого баллды төмөндөттү. Чечим Билим берүү министрлигинин буйругунун негизинде кабыл алынганын 6-июлда университеттен билдиришти

Маалыматка караганда, бюджеттик орунга босого балл төмөндөгүчө бектилиген:  негизги тест — 100, предметтик тесттерге — 60.

Ал эми келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формалары үчүн негизги тест — 95, предметтик тесттерге — 60 балл болуп бекитилди.

Баткенде былтыр да облус жетекчилигинин сунушу менен босого балл төмөндөтүлүп,чек аралаш айылдардан 144 студент бюджеттик, 266 студент келишимдик негизде БатМУга окууга алынган

Быйыл Кыргызстанда ЖОЖдорго кирүү үчүн босого балл 110 болуп бекитилди.

ЖРТнын жыйынтыктары

Буга чейин журналисттер ЖРТ тесттеринин көп жылдык жыйынтыгы кыргыз тилдүү мектеп окуучулары сынактарды начар тапшырып, жогорку окуу жайларга өтүү мүмкүнчүлүгү азырак экенин изилдеп чыгышкан

Бирок мында балдардын күнөөсү жок, болгону алардын эне тилиндеги окуу китептерине, бош убакытта алектенүүгө мүмкүнчүлүгү чектелүү экени айтылган. Ал эми орус тилинде фильмдер, китептер, курстар алда канча көп, бирок алар — орус тилин билгендер үчүн гана. 

Дагы окуңуз: Эне тилби же келечекпи: Эмне үчүн Кыргызстанда мектептер кыргызча да, орусча да начар окутат

Быйылкы статистика боюнча да орус тилдүү класстардан тест тапшыргандардын 72% босого баллдан жогору көрсөткүчкө ээ болду, ал эми кыргыз тилдүү класстарда босого баллдан өткөндөрдүн саны 50% жеткен жок.

Баткендеги куралдуу жаңжал

Узаган жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болуп, 200дөн ашык адам ар кандай жаракаттарды алган. 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болуп, жүздөгөн үй-бүлө башпаанексиз калган.

Баткендеги куралдуу жаңжал. Сүрөт: Жеңиш Айдаров / Azattyk

Ошондой эле Баткен району менен Баткен шаарындагы мектептерде жана Лейлек районундагы 26 мектеп жана 30 бала бакчада окуу процесси токтоп калган

Ал эми үйлөр кечигүү менен, июнь айында гана толук бүтүп пайдаланууга берилген.

Жалпысынан куралдуу жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 млн сом деп бааланган.

Автору: Калыбек Мусакеев

ТЕМА БОЮНЧА: 

Билим берүү министри: Жогорку окуу жайлар абитуриенттерди жылына эки ирет кабыл алат

Баткен: Чек арадагы куралдуу жаңжалдын кесептинен 8 мектеп, 1 бала бакча талкаланды