Temirov Live командасы депутат Түмөнбаевдин жубайына таандык «хан сарайы» бар экенин аныктады

Temirov Live командасынын журналисттери Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаевдин «жубайы делген» Динара Конокбаевага таандык 2022-жылы курулган чоң үйү бар экенин айтып чыгышты.

Буга чейин Түмөнбаев «Азатыкка» курган маегинде 1996-жылы сатып алган үйдө жашап келе атканын айтып, «96-жылы кандай жашасам, бүгүн да ошондой жашайм» деп билдирген.

«Мен баймын, кедеймин деп айтпайм, ортодомун. Эгер мыйзамсыз бир дүкөнүм болсо, журналисттерби, ким тапса, ошону эч чыр-чатагы жок берем. Эгер Бишкектин тегерегинде бир сотых жерим болсо, аны да берем», — деген ал.

Ал эми Temirov Live’дын журналисттери Түмөнбаевдин 2021-жылга карата толтурган декларациясын талдап чыкты. Ага ылайык, депутат бир жылда 300 миң сомдон ашык киреше тапкан. Ошондой эле ал бир нече миллион сомдон ашык мал-жандыгы жана жакындарынын дээрлик 62 чарчы метр үйү бар экенин көрсөткөн.

Журналисттер ачык булактарга таянып, Кыргызия-1 кичи районундагы жаңы салынган үй Түмөнбаевдин «жубайы делген» Динара Конокбаевага таандык экенин аныкташты.

Temirov Live’дын иликтөөсүнөн скриншот

Алардын айтымында, 2022-жылы салынган үйдүн чоңдугу Түмөнбаевдин 2021-жылга карата декларациясында көрсөтүлгөн 62 чарчы мертлик үйдөн айырмаланып турат.

«Конокбаевага таандык үйдүн техникалык мүнөздөмөсүндө, үйдүн аймагы 78.7 чарчы метр, үйдүн аянты 37.5 чарчы метр деп көрсөтүлгөн. Түмөнбаев интервьюда анын үйү 1996-жылы сатылып алынганын билдирген. Бул үй, “Кадастрдын” маалыматына ылайык, 2006-жылы сатылып алынган», — деди журналист.

Temirov Live’дын журналисттери Түмөнбаевден комментарий алуу үчүн ага телефон чалышкан, бирок байланышууга мүмкүн болгон эмес.

Акылбек Түмөнбаев деген ким?

Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы. Ал президенттин эжеси Акат Жапарованын күйөөсү Таалайбек Түмөнбаевдин бир тууганы.

Түмөнбаев Ички иштер министрлигинде жана Салык кызматында иштеген. Ал эми 2001-жылдан тарта Каржы полициясында иштеп, 2016-жылы Эсеп палатасынын аудиотуру болгон.

Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен катышкан. Ал эми 2021-жылдагы шайлоодо Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу округунан депутат болуп шайланган.

Ошондой эле, Түмөнбаевдин бир тууганы Турусбек Түмөнбаев «Унаа» мамлекеттик ишканасын жетектеп турган. Аны бул кызматка Садыр Жапаров дайындаган. Өлкө башчы кудаларын жогорку кызматтарга «туруктуулукту сакташ үчүн» койгонун айткан.

Турусбек Түмөнбаев үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрында 527 млн сомдук тендерге байланыштуу чуунун алдында кызматынан бошотулган. Кийин ал «Бишкек асфальт сервис» ишканасына директор болуп дайындалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Татыксыз». Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу демилгесин көтөрөт