ИИМ унаанын айнектерин караңгылатуу акысын убактылуу азайтууну сунуштады

Иллюстративдик сүрөт

Ички иштер министрлиги автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу үчүн алынчу акыны убактылуу азайтууну сунуштады. Бул тууралуу 17-июлда министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай сунуш транспорт каражаттарынын ээлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында коомдук талкууга коюлду.

Сунушка ылайык, унаалардын алдыңкы айнектерди күңүрттөтүү үчүн тарифтер убактылуу төмөнкүдөй болуп арзандатылат:

  • Кыргызстандын жарандары үчүн — 50 миң сом (учурда 80 миң);
  • Юридикалык жактар үчүн — 70 миң сом (учурда 100 миң);
  • Чет өлкөлүк жарандар үчүн — 90 миң сом (учурда 120 миң).

Аталган акция быйыл 30-сентябрга чейин жүргүзүлөрү белгиленди.

Унаалардын алдыңкы терезелеринин каптал айнектерин караңгылатууга өткөн жылдын май айында уруксат берилип, 1-июндан тарта каттоого алына баштаган. Бир жыл аралыгында андан мамлекеттик казынага 236 млн сом түшкөнү айтылган

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров унаанын алдыңкы эшиктеринин айнектерин акы төлөп караңгылатуу мыйзамына кол койду

Парламент унаанын алдыңкы айнегин акы төлөп караңгылатууга уруксат берди

Минкаб унаанын алдыңкы айнегин акы төлөп караңгылатууга уруксат берген долбоорду жактырды

«Бюджетке кошумча киреше». Өкмөт унаа айнектерин караңгылатууга уруксат бергиси келет