Баткен: Чек арага чектеш Көк-Таш айылында аялдардын футбол турнири өтүп жатат

28-июлда Баткен облусунун чек арага чектеш Көк-Таш айылында аялдар арасындагы футбол турнири өтүп жатат. Бул тууралуу оюнду жеринен чагылдырганы барган «Клооптун» журналисттери кабарлашты.

Көк-Таштагы футбол боюнча турнир. Сүрөт: Айбике Адилет кызы / «Клооп»

Турнирге жалпысынан 10 команда катышууда. Мелдеш чек арада жашаган аялдарды колдоо максатында уюштурулду.

Иш-чара төрт жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин турнирдин уюштуруучусу Гази Бабаярова бул жолку оюн мурдагылардын айырмаланып, дагы да жакшы деңгээлде болорун билдирген. Анда ал кыз-келиндер турнирге даярданып, машыгууларды өткөрүп жатканын кошумчалаган.

Чек арадагы жашоо

Чек арага чектеш айылдардын жашоочулары ар дайым чыңалууда жашашат. Буга чек аранын аныкталбаган тилкелериндеги суу, жер ресурстарын пайдалануу, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан чырдан улам келип чыккан байма-бай кагылышуулар себеп.

Акыркы ири куралдуу жаңжал өткөн жылдын сентябрында болгон. Анда Кыргызстандын 63 жараны курман болуп, 200дөн ашык адам ар кандай жаракаттарды алган. 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болуп, жүздөгөн үй-бүлө башпаанексиз калган.

Үйлөр кечигүү менен, июнь айында гана толук бүтүп пайдаланууга берилген. Жалпысынан куралдуу жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 млн сом деп бааланган.

Ал эми 2021-жылдагы куралдуу жаңжал 36 кыргызстандыктын өмүрүн алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Активист Көк-Ташта аялдардын футбол турнирин өткөрүүгө салым кошууга чакырат

Баткен: Көк-Таш айылында аялдар арасында футбол боюнча турнир өттү