Ноокаттагы Ак-Булак айылынын тургундары жол оңдош үчүн 10,4 млн сом чогултушту

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылынын тургундары 10,4 млн сом акча каражат чогултуп, эки көчөгө асфальт төшөп жатышат. Бул тууралуу «Клоопко» 16-августта айыл аймактын төрагасы Элмурат Жеңишбай уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар ички жолдорду оңдоо үчүн өздөрү демилге көтөрүп, каражат чогултушкан. Асфальт төшөө иштери Насир Давидов жана Татаал Аттокуров көчөлөрүндө жүрүп жатат. 

Насир Давидов көчөсүнүн 1 километр 440 метр аралыгын асфальттоого тургундар 8 млн 900 сом топтошкон. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом бөлүнүп берилген. Ал эми Татаал Аттокуров көчөсүнүн тургундары 260 метр тилкесин асфальттоого 1,5 млн сом чогултуп беришти.

«Биздин 20 жылдан бери Орусияда мигрант болуп жүргөн Ильгизбек Нарматов аттуу байкебиздин демилгеси менен проектти баштадык. Элден, айылдан чыккан бизнесмендерден акча чогулттук. Буга чейин аталган жолдорду оңдоо үчүн мамлекетке кайрылганбыз, бирок казынада аталган проектке анчалык көп сумма жок. Жылына бирден көчөнү оңдоону пландап жатабыз», — деп билдирди Жеңишбай уулу.

Бул өлкөнүн аймактарындагы тургундар өз демилгеси менен социалдык көйгөйлөрдү чечкен биринчи учур эмес. Буга чейин да Ноокат районундагы Өрнөк айылынын тургундары ажылык сапардан келгенден соң той өткөрүүнүн ордуна, айылдагы 10 жылдан бери оңдолбой жаткан көчөгө шагыл төшөп беришкен.

Ал эми Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын тургуну, пенсионер Нурхан Кочкорова ажылыкка деп топтогон каражатына эки айылды бириктирген көпүрө курдуруп берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ноокат: Тургундар ажы той өткөрүүнүн ордуна өздөрү жашаган көчөнү оңдоп беришти

Ноокенде үй-бүлө апасынын жылдык ашын өткөрүүнүн ордуна жолду оңдоп берди

Жалал-Абаддын тургуну өз каражатына бейтапкананы оңдоп, кошумча корпус куруп берди

Алайда үй-бүлө атасынын жылдык ашын берүүнүн ордуна айылга ФАП куруп берди

Жалал-Абад: Тургундар каражат чогултуп дарт аныктоочу аппарат сатып алышты