Москва: Миргацияда жүргөн кыргыз аялдар үчүн «Умай эне» кайрымдуулук борбору ачылды

Орусиянын Москва шаарында эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандык аялдар үчүн «Умай эне» кайрымдуулук борбору ачылды. Бул тууралуу 5-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликтин Орусиядагы өкүлчүлүгү уюштурган борборго турмуштук оор кырдаалга кабылган аялдар, майыптыгы барлар кайрыла алат.

Кайрымдуулук борбордун ачылышына эмгек министри Кудайберген Базарбаев онлайн катышты. Ал борбор мигранттар үчүн коопсуз шарттарды түзүү боюнча президент койгон тапшырманын негизинде ачылганын айтты. 

 «Кыргызстандыктарды натыйжалуу коргоо үчүн министрликтин Москва шаарында өкүлчүлүгү ачылган. Жыл башынан бери беш миңден ашык мекендешибиз миграция, эмгек мамилелери жаатында кеңеш сурап кайрылды. Мигранттардын балдарынын укугун коргоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 2023-жылдын жети айында ата-энесинин камкордугусуз калган жана оор кырдаалга кабылган 41 жашы жете элек бала социалдык коргоого алынды», — деди министр.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын июль айында Москвада кыргызстандык аялдарга колдоо көрсөтүү максатында Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кризистик борбор ачкан.

Орусия мигранттар үчүн шарттарды барган сайын катаалдатып жатат. 20-июлда борбор азиялык мигранттарга карата жүргүзүлгөн «Нелегал-2023» операциясынан соң Орусиядан жети миңдей киши чыгарылган. Бир жума жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында Москвадан 130 кыргызстандык депортацияланган.

Соңку расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллионго жакын кыргызстандык эмгектенип жүрөт. Ал эми жалпысынан Кыргызстандын жарандарынын 1,1 миллиондон ашыгы эмгек миграциясында.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында кризистик борбор ачылды

Орусияда ИИМ орус тилин начар билген мигранттарга айып салууну сунуштады