Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу 7-сентябрда президенттин администрациясынан билдиришти. Буга чейин президенттин жакын адамы делген Бейшеналиев бул кызматтан коррупцияга шектелип, алынган.

Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Алымкадыр Бейшеналиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилди деп айтылат маалыматта.

Бейшеналиевдин кызматтан алынышы

Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда «коррупцияга» шектелип кармалган. Башкы прокуратура чиновникке карата жети кылмыш ишин козгогон.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, бир кылмыш иши «Коррупция» беренеси боюнча, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелери боюнча козголгон.

Бейшеналиев коррупцияга жана COVID-19га каршы күрөшүү үчүн вакцина сатып алууда мамлекеттик бюджетке 1,5 млрд сом зыян келтирүүгө шектелген.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтеткен.

Кармалгандан кийин Бейшеналиев УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. Бирок 16-июнда сот аткаминерди үй-камагына чыгарган. 16-августта ага козголгон кылмыш иштери токтотулган. Ал эми 19-августта президент Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри кызматынан бошоткон.

Кийин, Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштеринин бардыгы кыскартылгандыгы айтылган.

Көп өтпөй 21-августта Бейшеналиев Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору болуп дайындалган.

Ал эми 9-сентябрда Садыр Жапаровдун буйругу менен Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Алымкадыр Бейшеналивге козголгон кылмыш иштери кыскартылды

«Кызматына кайтсын». Бишкекте Алымкадыр Бейшеналиевдин тарапташтары митингге чыгышты