Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министри болуп дайындалды

Гүлнара Баатырова.

9-сентябрда Садыр Жапаровдун буйругу менен Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баатырова буга чейин минстрдин милдетин аткарып келген. 7-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары саламаттык сактоо министри кызматына Баатырованын талапкерлигин жактырышкан.

Жыйында Баатырова он жылга жакын саламаттык сактоо тармагынан тышкары иштеп келгени айтылган. ал өзү Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгонун белгилеп, бирок медицина тармагынан алыстабаганын айткан.

Баатырова 2013-жылдан бери министрликтин алдындагы медициналык аккредитациялык комиссиянын төрайымы болуп иштеп келген. Ал медицина тармагында жетекчилик кызматтарда иштеген. Ошондой эле ал БШКнын мүчөсү, Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Буга чейин саламаттык сактоо министри болуп Алымкадыр Бейшеналиев иштеп келген. 2-июнда Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалып, иш козголгон. Министр кармалган соң анын милдетин орун басары Жаркынбек Касымбеков аткарып турган.

16-августта ИИМ Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишин токтоткон. 19-августта болсо президент Садыр Жапаров аны ээлеген кызматынан бошоткон.

Кийинчерээк ошол кезде министрдин милдетин аткарган Жаркынбек Касымбеков Бейшеналиевди «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору кылып дайындаганын билдирген.

Тема боюнча:

Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болду