Бекназаровдун фейсбук барагынан «жалган маалымат таратууга» шектелген жаран камакка алынды

Нышанбай Ыманкулов

Абактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун фейсбук баракчасы аркылуу «жалган маалымат таратууга» айыпталган Нышанбай Ыманкулов 25-сентябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу «Клоопко» 8-сентябрда Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ыманкулов УКМКнын Жалал-Абад шаардык башкармалыгындагы тергөө абагында кармалып турат.

Ыманкуловдун кармалганы тууралуу 5-сентябрда маалым болгон. 25 жаштагы жигит Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаровдун соцтармактагы баракчасы аркылуу «коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, массалык башаламандык уюштуруу үчүн туура эмес маалыматтарды тараткан» деп айыпталып жатат.

Аны менен катар, соцтармактарда тараган Жалал-Абад шаардык сотунун токтому экени айтылган документтин сүрөтү жарыяланган. Анда Ыманкуловго «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, үйүн тинтүүгө уруксат берилгени жазылган.

5-сентябрда Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге Нышанбаевдин күнөөсү жок экенин, фейсбуктагы «Азимбек Бекназаров» аттуу баракчадан таратылган билдирүүлөр атасына таандык экенин айткан.

«УКМКнын кызматкерлери Нышанбай Ыманкулов деген инимди күнөөлөп алып кетишти. Фейсбуктагы Азимбек Бекназаров аккаунту атамдын өзүнө тиешелүү. Ал фейк аккаунт эмес. Анда чыгып жаткан материалдардын ар биринин кол жазмасы дагы бар. Атам ал кол жазмалар, чыгарылып жаткан посттор ага таандык экенин танбайт», — деп билдирген Бекназаров. 

6-сентябрда, «Азимбек Бекназаров» фейсбук баракчасына дагы билдирүү жүктөлүп, анда дагы Ыманкуловдун аталган аккаунтка тиешеси жок экени жазылган.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га чукул активист, саясатчы кармалган. Аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган.

Алардын көпчүлүгү негизсиз камалганын айтып ачкачылык жарыялашкан — ноябрда башталган акция декабрдын аягына чейин созулган. Айрымдары сот отурумдарында эсин жоготсо, башкалары абалы оорлоп кеткендиктен ооруканага жаткырылган.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет. Сот айрым саясатчылар үй камагына чыгарса, кээ бирин абакта калтырган.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигинен кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад иши: Абактагылар аларга карата кыйноо уланып жатканын айтышууда

Азимбек Бекназаров: Эртеңден баштап мөөнөтсүз ачкачылык жарыялайбыз