Шаардык сот жазуучу Олжобай Шакирдин кармалганын мыйзамдуу деп тапты

Бишкек шаардык соту «Массалык башаламандыкка чакырык таштоо» жана «Бийликти күч менен басып алууга» айыпталып жаткан жазуучу Олжобай Шакирдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Маалыматты «Клоопко» 13-сентябрда шаардык соттон тастыкташты.

Ага ылайык, судья буга чейинки Биринчи май райондук сотунун жазуучуну 23-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Олжобай Шакирди УКМК кызматкерлери суракка алып кеткени тууралуу 23-августта белгилүү болгон. Анын жубайы Назгүл Бодбаева жолдошу жети сааттан бери дайынсыз экенин айтып чыккан

Эртеси күнү жазуучу эки айга камакка алынган. Ал эми акын-жазуучу жана журнилисттер бийликтен аны «эркиндикке чыгарууну талап кылышкан

Ага дейре Шакир фейсбук барагы аркылуу элди Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы 31-августта өтө турчу тынчтык митингине чакырган. Ал буга чейин эле бийликти байма-бай сындап келген.

Ал эми Ысык-Көлдөгү «Энесай» («Дилором»), «Бостери» («Алтын кум»), «Рохат» жана «Бустон» пансионаттары 49 жылга коңшу өлкөнүн башкаруусуна берилери 17-августта маалым болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Олжобай Шакирди боштууну талап кылган коомдук ишмерлер бийликке кайрылуу жолдошту