Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарында жапон спортчусуна багынып берди

6-октябрда кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында жапониялык спортчу Ноноки Озакиге 3:1 эсебинде багынып берди.

Айсулуу Тыныбекова жана Ноноки Озаки. Сүрөт: uww.org

Эми Ноноки Озаки финалга чыкса, Тыныбекова коло үчүн күч сынаша алат.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Астана шаарында өткөн Азия чемпионатын утуп, Азиянын бешинчи жолку чемпиону болгон.

Тыныбекова — кыргыз күрөшүнүн тарыхындагы жалгыз дүйнөнүн үч жолку, Азиянын беш жолку чемпиону. Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси.

Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында улуттук курама команда жалпы беш медаль тагынды. Алардын ичинен Эрлан Шеров, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков алтын алса, Раззак Бейшекеев менен Сардана Трофимова коло медалдын ээси болушту. Ал эми балбандар командалык эсепте 3-орунду ээлешти.

23-сентябрда башталган 19-жайкы Азия оюндары 8-октябрда аяктайт. Ага 45 өлкөдөн келген 12 миң 500гө чукул спортчу катышып, спорттун 40 түрү боюнча күч сынашууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жеңил атлетчи Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль утту

Акжол Махмудов Азия оюндарынын чемпиону болду

Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында алтын медаль багынтты