Милиция мурдагы күйөөсү бычактаган аялды колдогон флешмобду тарттырбай койду

Карьералык билим берүү боюнча эксперт Айнура Чолпонкулова ыктыярчылардын жаштар биримдигиндеги шакирттери менен бирге мурдагы күйөөсү бычактаган Асел Ногойбаеваны колдоо максатында флешмоб өткөрүүнү пландаган. Бирок аларга милиция жолтоо болгон. Бул тууралуу 16-октябрда Чолпонкулова Instagram барагына жазды.

Анын айтымында, флешмоб жабырлануучуга арналган кайрымдуулук иш-чаранын алдында өткөрүү пландалган. 

«Аселди колдогон жана зордук-зомбулукка каршы тургандардын баарына арналган кайрылуу болчу. Аселге жардам колун сунууга чакырган флешмобду Ата-Тоо аянтында тартмак болгонбуз. Жекшемби күнү, күтүүсүздөн менин шакиртиме — Caf Kelechek’тин тимлидерине РИИБнин кызматкерлери телефон чалып, массалык чогулуштарды (көп адамдардын топтолуусуна) тыюу салынганын эскертиптир», — деп жазды ал. 

Чолпонкулова видеого тартууну гана пландашканын баса белгиледи. Бирок милиционер андай иш-чараны Горький атындагы паркта өткөрүүнү сунуштап, ал жерде коопсуздукту сактоо үчүн укук коргоо кызматкерлери болорун эскерткен. Бирок паркка баргандан кийин деле милиция кызматкерлери Чолпонкуловага жана башка флешмобдун съёмкасы үчүн чогулдандарга тоскоолдук кылган. 

«Катышуучулар скверге келе баштаганда эле милициялар мага, кыздарга келип, мэриядан уруксат алышыңар керек болчу деп алыксыта башташты. Тарап кеткиле, жумушчу күндөрү келип өткөргүлө деп талап кылышты. “Мэрияга эмне тууралуу кабардар кылышыбыз керек? Бул митинг же тынчтык жүрүш эмес. Бул видео-флешмоб?” – деген суроомо жооп айтпастан, токтомго эле таянып туруп алышты. Жалпылап айтканда алар флешмоб – видеосъёмканы митинг менен жөө жүрүшкө теңеп коюшту», — деп жазды Чолпонкулова. 

Чолпонкулова жабырлануучуну колдогон флешмоб тарта алган эмес, алтургай кетүүгө аргасыз болгон. 

«Бүгүн биз эмнени сездик? Ачуулануу жана кыжырдануу. Укук коргоо органдары коомго пайда алып келген иштерге жардам бергендин ордуна, ар кандай тоскоолдук кылып жатты», — деп кошумчалады ал. 

Макала сайтка жарыяланып жатканда Бишкектин Биринчи май райондук милициясы бул окуя тууралуу «Клоопко» комментарий берген жок.  

Бишкектин борборуна митинг жана тынчтык акцияларын өткөрүүгө 2022-жылдын тартынан тарта тыюу салынган. Акыркы жолу борбор калаанын Биринчи май райондук соту митингдерге тыюу салууну 31-декабрга чейин узарткан.  

Митинг өткөрүүгө төмөнкү жерлерде болбойт:

  • Ала-Тоо аянты;
  • Эркиндик бульвары — Линейный көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
  • Президенттин жана Жогорку Кеңештин администрацияларынын алдында;
  • Панфилов атындагы паркта;
  • Турсунбаева атындагы скверде;
  • Жогорку соттун алдында;
  • Орусия элчилигинин алдында;
  • УКМКнын алдында.

Чектөөнүн мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга тиешеси жок. Башка митинг жана акциялар Исанов көчөсүндөгү Максим Горький атындагы скверде өтүшү керек.

Селекцияда бычакталган аял

36 жаштагы аялдын кыйноого кабылганы тууралуу 20-сентябрда белгилүү болгон. Ал бети-башы, мойну кескиленген абалда ооруканага жаткырылган. Бул боюнча «Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» беренеси менен иш козголуп, 39 жаштагы шектүүнү кармалган — ал эки айга камакка алынды.

Бул окуя милиция жана судьялардын ишине карата сынды күчөткөн. Жабырлануучу ажырашып кеткен күйөөсү зордуктап кетип атканына арызданып милицияга эки жолу кайрылганы белгилүү болгон.

Чүй ОИИБи биринчи жолкусунда жабыркаган аял тосмо арыз жазкандыктан сот териштирүүнү токтотконун билдирген. Бирок жабырлануучунун сиңдиси андай маалыматты четке каккан

Экинчи жолкусунда сот айыпталуучуну пробациялык көзөмөлгө коё берген.

ИИМ өз кезегинде мекеменин башчысы Улан Ниязбеков «кылмыш ишинин объективдүү жана ар тараптуу иликтенишине кепилдик берүү үчүн» бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын билдирген.

27-сентябрда Чүй облустук соту шектүүнү зордуктоо иши боюнча 8 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган