Маданият министрлиги «Клооптун» кыргыз тилиндеги сайтын бөгөттөөнү чечти

Маданият министрлиги «фейктер» жөнүндөгү мыйзамдын негизинде «Клооптун» кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөө чечимин кабыл алды. Бул тууралуу «Клоопко» министрликтин өзүнөн билдиришти.   

Маданият министрлигинин 1-ноябрда Санариптик өнүктүрүү министрлигине жолдогон катында 30-октябрда министрликке УКМКдан кат келгени айтылат.  

«kloop.kg сайтынын барагы “Политик Равшан Джеенбеков заявил, что его пытают в СИЗО-1” деген аталыштагы анык эмес (жалган) маалыматты жарыялагандыгы үчүн ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган. Аталган сайт баракчасынын ээси “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесине ылайык, сайттын же баракчанын ээси сайт же сайттын баракчасы убактылуу токтотулган мезгилде, интернет тармагына жаңы сайт же сайттын баракчасын ачууга укугу жок. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Министрлик ky.kloop.asia сайтын “УКМКнын көрсөтмөсү. Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады” деген материалдан улам ишмердүүлүгүн токтотууну өтүнөт», — деп жазылган Маданият министрлигинин катында. 

Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Клооптун» кыргызча сайтын ушул каттын негизинде бөгөттөгөн болушу мүмкүн. Буга чейин окурмандар сайтка кире албай жатканын айтып даттанышкан. Санарип өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы сайттын бөгөттөлгөнү боюнча расмий кат менен кайрылууну суранды.

Маданият министрлигинин катынын скриншоту.

«Клооптун» орус тилиндеги сайты 12-сетябрдан тартып бөгөттөлгөн. «Клооптун» сайтын бөгөттөөгө  «Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады» деген материалы негиз болгон. Макаланын үстүнөн Маданият министрлигине УКМК арызданып кайрылган. Атайын кызмат материал «чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет» деп эсептейт.

Ошол эле маалда Жээнбеков тууралуу жаңылыкта саясатчынын кыйноого кабылганы жөнүндөгү билдирүүсүн четке каккан ЖАКтын позициясы көрсөтүлгөн. Ал эми УКМКнын өзүнүн басма сөз кызматы бул боюнча расмий төгүндөөсүн 9-сентябрда гана — башкача айтканда «Клооптун» үстүнөн арыз түшкөндөн эки күн өткөндөн кийин тараткан. Ошондой эле саясатчынын билдирүүсү чыккандан бир жумадан ашык убакыт өткөндөн кийин гана чыгарган. Аны Кыргызстандын бир катар басылмалары да тараткан. 

«Клооп» УКМКнын төгүндөөсүн» кыргыз жана орус тилдеринде чыгарган.

Сайтты бөгөттөө менен катар «Клоопту» юридикалык жакты жабуу коркунучу да тооруп турат. 28-августта Бишкек шаардык прокуратурасы борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндөгү доо арызын бергени маалым болгон. Документте доонун себеби катары басылма «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылган. 23-октябрда бул доо арыз боюнча баштапкы угуулар аягына чыкты.

Ошол эле маалда документтин чоң бөлүгү таптакыр башка темага арналган — «Клооптун» макалалары Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жаткан имиш.

Бирок, «Медиа полиси институтунун» юристтери менен Кыргызстандын медиакоомчулугу шаардык прокуратуранын доо арызынын «күчү жок» деп эсептейт. Алар бир катар эл аралык уюмдардын катарында эле республиканын бийлигине кайрылып « “Клоопко” карата куугунттукту токтотуп» жана доо арызды чакыртып алууга үндөгөн билдирүү менен чыгышкан.

Башкы беттеги иллюстрация: Татьяна Зеленская.