Кадамжайда өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 126 учуру катталды

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районун аймагында 2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 126 учуру катталып, баарына коргоо ордери берилди. Бул тууралуу 17-январда Баткен ОИИБден билдиришти

Маалыматка ылайык, быйыл жыл башынан бери эле аталган аймакта үй-бүлөлүк зомбулуктун 2 учуру  катталды. Укук коргоо органдары жерине барып, зомбулук жасагандарга коргоо ордерин берди. 

Андан тышкары Баткен районунун аймагында өткөн жылы 12 ай ичинде зордук-зомбулуктун 55 учуру катталып, аларга да коргоо ордери берилген

Коргоо ордери — бул эгерде бир адамга карата зомбулук көрсөтүлгөн болсо, анда ИИМ зомбулук көргөн адамга жакындабасын деп, зомбулук көрсөткөн адамга коргоо ордери деп аталган документ берет.

11-январда Кадамжай районунун Масалиев айылында 23 жаштагы келинди өлтүрүүгө шектелип күйөөсү кармалган. Маркум биринчи топтогу майып экени, жолдошу мурда да сабап жүргөнү белгилүү болгон. Учурда тергөө уланып жатат.

Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук

Кыргызстанда жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулуктун миңдеген учурлары катталып, жабырлануучуга берилген коргоо ордеринин саны жыл сайын көбөйүүдө. Акыркы үч жылда өлкөдө коргоо ордерин алган 8,5 миңден ашуун адам катталган.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

«Клооптун» журналисттеринин Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөөсү көрсөткөндөй, дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет.

Ал эми аялдардын күйөөсү, жарандык никедеги чогу жашаган адамы же мурдагы өнөктөшү тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат.

2023-жылдын октябрында Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Бул көрсөткүч Кыргызстан экинчи жыл катары менен Борбор Азия чөлкөмүндөгү аялдар үчүн эң кооптуу өлкө болуп атканын айтып турат.

Ошого карабай айрым аткаминерлер үй-бүлөлүк зомбулук өлкөдө сейрек кездешкен көрүнүш деп эсептейт. Мисалы, президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков. Ал зордук-зомбулуктун көбөйгөнү тууралуу статистиканы «кызыктар тараптардын саясаты» деп атаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Үч күн сабаган». Кадамжайда 23 жаштагы келиндин өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды

Улуттук статком: Үй-бүлөлүк зомбулук көбөйдү, саясат жана экономика тармагында аялдар аз

«Кайрылбаган жерим калган эмес». Селекциядагы бычакталган аял билдирүү жасады