Юрист: Садыр Жапаровдун сунушу менен БШКнын мүчөлөрүн алмаштыруу мыйзамсыз

Бекболот Касаболотов

«Прецедент» өнөктөш тобунун юристи Бекболот Касаболотов 26-октябрда өткөн юристтердин басма сөз жыйынында азыркы кырдаалда Борбордук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү мыйзамсыз экенин түшүндүрүп берди.

Мыйзамга ылайык (5-берене), Борбордук шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсүнө талапкерлерди президент, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция сунуштайт — алардын ар бирине төрттөн талапкер туура келет. Кийинчерээк Боршайкомдун курамы Жогорку Кеңеш тарабынан беш жылга шайланат.

Эскерте кетсек, учурдагы Боршайкомдун биринчи отуруму 2016-жылдын июнь айында өткөн. Анда комиссиянын мүчөлөрү Нуржан Шайлдабекованы жаңы төрайым кылып шайлаган. Мыйзамга ылайык, БШКнын ыйгарым укуктары 2021-жылдын июнь айында аякташы керек.

Юрист Касаболотов БШКнын иши Жогорку Кеңеш тарап кетсе да, президенттин ыйгарым укуктары токтотулса да улана берет деп белгиледи. Ошондой эле, Касаболотов президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров БШКнын төрт мүчөсүн чакыртып алуу тууралуу сунушу мыйзамга туура келбейт деди.

«Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мындай түшүнүк жок. “БШКнын мүчөлөрүн кызматынан бошотуу” деген түшүнүк бар. Шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамда БШКнын мүчөлөрүн мөөнөтүнөн мурда бошотуу негиздеринин толук тизмеги бар — алардын арасында “БШКнын мүчөлөрүн президенттин инициативасы менен чакыртып алуу” деген сүйлөм жок», — деди Касаболотов.

Мыйзамга ылайык (15-берене), Боршайкомдун мүчөсүн мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу маселесин Жогорку Кеңеш төмөнкү учурларда карап чыгышы керек:

  • өз арызынын негизинде;
  • башка өлкөнүн жарандыгын алган учурда;
  • туруктуу жашоо үчүн Кыргызстандан сыртка чыгып кеткенде;
  • сот тарабынан кылмышка күнөлүү деп табылганда;
  • сот тарабынан иш-аракетке жөндөмсүз, иш-аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, кайтыш болгон же аны дайынсыз жоголгон деп таанылган учурда;
  • кайтыш болгондо;
  • милдеттерди жана тапшырмаларды дайыма аткарбаганда (БШКнын сунушу боюнча).

*Буга чейин парламенттин төрагасы Канат Исаев Жапаров Жогорку Кеңешке БШКнын президенттин квотасы менен шайланган төрт мүчөсүн чакыртып алуу жөнүндө кат жөнөткөнүн кабарлаган. Президенттик квота менен Боршайкомго шайлангандардын арасында Нуржан Шайлдабекова да бар — ал комиссиянын төрайымы.

Нуржан Шайлдабекова

«Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана кайра парламенттик шайлоо өткөрүү учурунда БШКнын курамына өзгөртүү киргизүү — бул БШКга басым жасоо деп эсептейбиз. Президенттин милдеттерин аткаруучунун сунушу менен БШКнын курамын өзгөртүүгө болбойт деген пикирдебиз», — деди Касаболотов.

Парламенттик жана президенттик шайлоо

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги, анын натыйжасында Бишкекте болгон массалык толкундоолор себеп болгон. Саясий кризис бир нече күнгө созулуп, андан соң Кыргызстанда бийлик алмашып, президент, премьер-министр кызматтан кеткен.

Боршайком 21-октябрда жаңы парламенттик шайлоону 20-декабрга дайындаган. Анын эртеси күнү Жогорку Кеңештин депутаттары алгач конституциялык реформа өткөрүү үчүн референдум, кийинчерээк парламенттик шайлоону өткөрүү мыйзам долбоорун кабыл алышты. Көп өтпөй Садыр Жапаров бул мыйзамга кол койду.

Учурда шайлоонун мөөнөтү белгисиз — ал 4 айдан 6 айга чейинки мөөнөттө өтүшү керек. Кийинчерээк «Актив» жана Демократия жана жарандык коом коалициясы шайлоону жылдырууга нааразы болуп, сотко кайрылышкан. Бирок Биричи май райондук соту Жогорку Кеңеш жана Жапаровдун позициясын колдоду. Боршайком бул чечимди Жогорку сотко даттанмакчы.

Ал эми президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалды. Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров шайлоого катышуу үчүн декабрдын башында кызматын тапшыра турганын билдирди.