Референдумга башкаруу формасы тууралуу маселе чыгарылат — депутат Маматалиев

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев 2-декабрда референдум боюнча иш башка нукта жүрүп жатканын билдирди.

«Азыр референдумга башка эки суроо коюлду. Биринчиси — башкаруу формасы: парламенттик же президенттик. Экинчиси — мажоритардык же партиялык система. Жарандар өздөрү тандап алышы үчүн ушул эки суроону коомдук талкууга чыгарабыз», — деди Мамбеталиев.

Анын айтымында, референдумдун жыйынтыгы боюнча Конституциянын долбоорунун үстүндөгү иш уланат.

«Конституциялык кеңешме долбоорду иштеп чыга берсин, а биз элге кайсы башкаруу формасы боюнча жашарыбыз боюнча тандоо мүмкүнчүлүгүн беришибиз керек. Бул документ ал убакка даяр болуп калат, эгер биз президенттик форма боюнча жашай турган болсок, анда өкмөт жок болушу керек, бардык кырдаалда күнөлүүнү издеп, премьерди отставкага кетирип кереги жок. Эгер жарандар парламенттик башкаруу формасын тандай турган болсо, анда президент жок болуп, премьер-министр эле болот. Ал эми аралаш формасына биз кайтып келбешибиз керек», — деди Мамбеталиев.

Депутаттын айтымында, эгер жарандар парламенттик башкаруу формасын тандашса, анда президенттин кызматы алынып, анын ролун премьер-министр ээлеп калат. Парламентарийдин ою боюнча, аралаш башкаруу формасына кайтуунун кереги жок.

Маматалиев белгилегендей, ал жана дагы бир катар депутаттар конституциялык мыйзамдын долбооруна кол коюшкан, ал коомдук талкууга чыгарылат.

Марлен Мамбеталиев Конституциянын жаңы долбоорун жана 10-январда кезексиз президенттик шайлоо менен кошо референдум өткөрүүнү демилгелегендердин арасында болгон.

«Ханституция»

Өлкөдө конституциялык реформа жүргүзүү — Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин «Мекенчил» партиясынын шайлоо программасында жазылган.

Саясий кризис башталып, Жапаров тарапташтарынын жардамы менен эркиндикке чыгып, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр болгондон тартып реформа керек деп айта баштаган. Анын айтымында, Кыргызстан президенттик өлкө болууга тийиш.

Жапаровдун демилгеси менен парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылып, конституциялык реформа башталган. Жапаров парламенттик шайлоонун жылдырылышын «абалды турукташтыруу жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин жогорулатуу» үчүн керек деп актаган. Юристтер Жапаров Конституцияны бузду жана Кыргызстанды укуктук нуктан кризисти карай түртүүдө деп айтышкан.

Конституциянын жаңы долбоору 17-октябрда коомдук талкууга коюлуп, ал эл оозуна «Ханституция» деген ат менен алына баштады. Жаңы Конституциянын автору жана демилгечиси деп көрсөтүлгөн айрым депутаттар документти көрүшпөгөнүн жана аны иштеп чыгууга катышпаганын айтып чыгышкан.

Саясатчылардын көбү жаңы долбоорду авторитаризмге жана Бакиевдин убагына, ал тургай орто кылымдарга кайтуу деп атап, эгер ал кабыл алынса элдин эркиндигин чектейт тынчсызданышууда. Ал эми экс-президент Роза Отунбаева Жарандык көзөмөл комитетинин ыкчам отурумунда аталган Конституция күчүнө киргенде дүйнө жүзү өлкөнү тааныбай, ага жардам берүүнү токтотот деп билдирген.

Ал эми башка саясатчылар Жапаров юристтердин туткунунда калды деп эсептешет. Ошол эле учурда, президенттик башкаруу формасы, өлкөнүн башкы органы катары элдик курултай (чындыгында президентке отчёттуу) жана башка бир топ идеялалар документте Жапаров эркиндикке чыккандан кийин анын жасаган билдирүүлөрүндө да айтылып келген.

Депутат Канат Исаев болсо долбоордун автору Садыр Жапаров экенин ачык эле билдирген, бирок долбоордун авторлорунун расмий тизмесинде анын фамилиясы жок. Ал эми Садыр Жапаровдун экс-кеңешчиси Акылбек Жапаров долбоорду иштеп чыгууга Президенттин аппараты катышып, ал учурда президенттин м.а жана премьер-министр Садыр Жапаровдун идеялары да эске алынганын тастыктаган.

Садыр Жапаров 23-ноябрда 7-каналга маек куруп, долбоорду иштеп чыгууга катышканын мойнуна алган.

«Мен ага болгону экси сунуш киргиздим: президенттин жана өкмөттүн ыйгарымдарын бириктирүү, ошондой эле элдик курултай жөнүндө», — деген Жапаров.

Ошондой эле ал Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду жылдырууга каршы эместигин айткан. Ал Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүн Конституциянын жаңы долбоорунун үстүнөн иштөөдө шашылбай, талкууга бир-эки ай убакыт кетирүүгө чакырган.

Ошол эле учурда ал 2021-жылдын 10-январында референдумга эки маселени алып чыгууну сунуштаган. Биринчиси — Кыргызстандагы башкаруу формасын тандоо, ал эми экинчиси парламент кандай түзүлүшү керектиги тууралуу маселе.

Конституцилык кеңешме

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Органдын курамына 90го жакын адам кирген, алардын арасында учурдагы депутаттар да бар.

Кеңешменин түзүлүүсүнө депутат Дастан Бекешев реакция жасап, телеграм каналында Конституциялык кеңешме президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы менен эмес, парламенттин токтому менен түзүлөрүн түшүндүргөн.

Легендарлык парламенттин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев Конституциялык кеңештин курамы кесипкөй эмес деп белгилеп, ал жакта конституциялык укук боюнча адис юристтер абдан аз экенин билдирген. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов да Конституциялык кеңешме макулдук берүүчү позицияны ээлеп алагынын айткан.

Президенттин м.а Мамытов 26-ноябрда кеңешменин курамына дагы он адамды кошкон, алардын арасында экс-депутаттар Алмамбет Шыкмаматов менен Кантемир Мурзабеков, укук коргоочу Төлөкан Исмаилова жана башка «көзкарандысыз эксперттер» менен коомдук ишмерлер бар.

Ошол эле учурда Конституциялык укук боюнча эксперт жана юридикалык илимдеринин доктору Сания Токтогазиева менен депутат Дастан Бекешев Конституциялык кеңешменин эксперттеринин катарын толуктоо сунушунан баш тартышкан. Алар кеңешме легитимсиз, мүчөлөрү болсо алардын сунуштарын эске алууну көздөбөйт деп эсептешет.