Алтынбек Сулаймановдун мандаты пара алууга шектелген экс-финполчу Жамгырчиевге өтөт

«Альянстын» депутаты Алтынбек Сулаймановдун мандаты Финполдун жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиевге өтөт. Бул тууралуу «Клоопко» БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жамгырчиев буга чейин ири суммада акча опузалоого шектелген.

БШКдан «партия алган мандаттар талапкерлердин ортосунда добуштардын санына жараша, башкача айтканда, рейтингине карап бөлүштүрүлөрүн» белгилешти. Жамгырчиев башка таларкерлерге караганда тизмедеги рейтинги жогору, ошондуктан депутаттык мандат ага өтөт.

Алтынбек Сулаймановду президен Садыр Жапаров 24-февралда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындаган.

Эмил Жамгырчиевдин кылмыш иши

2019-жылы Эмил Жамгырчиев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Пара алуу» жана «Опузалап пара алуу» беренелери боюнча айыпталган.

Анда Кытайдан өрдөктүн этин контрабанда жолу аркылуу жеткирип иштеген деп айыпталган жеке ишкер Эмир Эмилканов кылмыш ишин жабуу үчүн Жамгырчиевге өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов аркылуу ири суммадагы пара төлөгөнүн айткан. Иш жабылган эмес, Эмилканов Жамгырчиев менен Калмуратовдун үстүнөн УКМКга арыз жазган. Жамгырчиев ишкердин айткандарын «ыплас ушак» деп атаган.

2020-жылдын октябрь айында Жамгырчиев жана Калмуратов «Пара алууга» шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Бирок 2021-жылдын февралында Жамгырчиев үй камагына чыгарылган. Арадан эки ай өтүп сот Калмуратовду да үй камагына чыгарган.

Ал эми сот отурумунда ишкер Эмир Эмилканов айыпталуучулар 27 миң долларлык чыгымды төлөп бергенин, аларга доосу жоктугун айткан. Ошол эле учурда экс-финполчу Жамгырчиев эч кандай акча төлөбөгөнүн айткан болчу.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 19-ноябрда Жамгырчиев менен Калмуровду актаган. Прокурор бул беренелер менен алардын күнөөсү так аныкталганын, аларды 15 жылга эркинен ажыратып, 250 миң сом айып салууну өтүнгөн.

Бирок сот бардык беренелер боюнча кылмыштын курамы жок болгондуктан Жамгырчиев менен Калмуратовду актап, аларга реабилитациялоо укугун кайтарып берген.

Сот Калмуратовго тагылган айыпты «Алдамчылык» беренесине алмаштырып, жабырлануучу Эмир Эмилкановдун доосу жок болгондуктан улам бул ишти кыскарткан.

Бул Жамгырчиев тоскоолдуксуз эле парламент депутаты боло алат дегенди билдирет. Ал депутаттыкка талапкерлигин «Альянс» партиясынан көрсөткөн.