12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу чырда жалпы алты кыргызстандык жаракат алды. Бул тууралуу «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-апрелге карата Лейлек райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун хирургия бөлүмүндө эки адам дарыланып жатат.
Алардын бири 23 жаштагы аскер кызматкери, анын санына жана таманына октун учкундары тийген. Ага операция жасалып, абалы орто оор деп бааланууда.
Экинчи бейтап 30 жаштагы жай тургун. Анын оң жак тизесине октун учкундары тийген. Абалы орто оор.
Ал эми ооруканага кайрылган дагы төрт киши амбулатордук дарыланууга жиберилди. Министрликтен ооруканада дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү экенин белгилешти. Дарыгерлер күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.
Чек арадагы жаңжал
Кыргызстандын УКМКсына караштуу Чек ара кызматы 12-апрель күнү кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алганын маалымдаган.
Биринчи жаңжал райондун Селкана жерлигинде чыккан. Анда тажик аскерлери Кыргызстандын чек арасына 20 метр кирип келип, кыргыз аскерлерине ок атышкан.
Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп, ок атышуу токтотулган. Ал учурда кыргыз тараптан эч ким жарадар болгон эмес, ал эми тажик тараптан бир аскер октон жаракат алганы маалымдалган.
Бирок Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатканда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз аскерлерине ок чыгарышкан.
Экинчи ок атышуу 30 мүнөткө созулган. Анын кесепетинен бир кыргыз аскери жарадар болгон. Чек ара кызматы андан соң тажик тарап Лейлек районунун Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганын кабарлаган. Ошондой эле тажик тарапты жергиликтүү жашоочуларды аткылоону токтотууга жана кырдаалды курчутпоого чакырган.
Мекеменин басма сөз кызматы саат 22:15 чамасында Тажикстандын чек арачылары Достук айылын миномёттон аткылоону токтотконун билдирген.
Кийинчерээк саат 22:50дөн баштап 23:16га чейин Баткен районунун Радар-1 жерлигинде тажик аскерлери кыргыз чек арачыларын маал-маалы менен аткылаганы айтылган. Ошондой эле окуя болгон жерге Тажикстан кошумча күчтөрдү жана каражаттарды тартып жатканы байкалган. Тараптар жолугуп, кошумча күчтөрдү артка кайтаруу макулдашылган.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөр 13-апрелге караган түнү Кыргызстандын «Кулунду-автожол» көзөмөл өткөрүүчү жайы менен Тажикстандын «Овчи-Калача-автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинин ортосунда уланган.
Андан соң 13-апрелде саат 11:00дөн 12:30га чейин Лейлек районунун Селкана аймагында Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода жолугуп, кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууну макулдашышкан.
Чек ара чырынан улам Баткен жана Лейлек райондорунун 18 507 тургуну эвакуацияланып, 13-апрелде кайрадан үйлөрүнө кайтышты. Учурда абал туруктуу, күч органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.