Болот Темиров командасын аңдыгандар бар болушу мүмкүн экенин айтты

Иликтөөчү журналист Болот Темиров акыркы жумада анын командасын аңдуу уланып жатканын билдирди.

Темировдун айтымында, Lexus LX 570 үлгүсүндөгү унаасынан алардын кеңсесинин алдында видео съёмка жүргүзүлгөн.

«Акыркы жумада биздин артыбыздан такай аңдып жатышат. #ташмедиа жаңы видео же дагы бир кылмыш ишин даярдап жатат окшойт. Ушул унаадан биздин кеңсенин алдында видео съёмка жүрдү. Бул Лексус тууралуу кандайдыр-бир маалымат болсо ыраазы болобуз. Алдын ала рахмат!» — деп жазды ал.

Кийин Темиров унаанын ээсин тапкан, анда ал «эч кандай видео тартпаганын» айткан. Ошондой эле «атайын кызмат менен байланышым жок» деп ишендирген.

«Көрсөтмөлөрдү алып, тактап жатабыз», — деп кошумчалады Темиров.

Болот Темировго козголгон кылмыш иштер

20-январда Temirov Live мамлекеттик ишкана аркылуу мазут сатып 30 млн сомдон ашык пайда тапкан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө жарыялаган.

Бир нече күндөн кийин, 22-январда, милиция Temirov Live’дын негиздөөчүсү Болот Темировду жана анын кесиптеши, төкмө акын Болот Назаровду кармаган. Мындан сырткары соцтармактарда Темировду жана анын командасын каралаган видеолор тарай баштаган.

Учурда Болот Темировго карата жалпы төрт кылмыш иши козголгон. Алар: «паспорт жана аскердик билетти мыйзамсыз алуу», «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» жана «баңги заттарын даярдоого» байланыштуу.

Кылмыш иштердин бардыгы Temirov Live’дын журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары мамлекеттик тендерлерге катышып жаткандыгы тууралуу иликтөөлөрүн жарыялагандан кийин козголгон.

Буга чейин адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) бийликтен иликтөөчү журналист Болот Темировго карата тагылган айыптарды алууга чакырышкан.

Уюмдагылар Темировго карата кылмыш иштер «саясий мүнөзгө ээ» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мамкаттоонун кызматкерлери Болот Темиров паспортун мыйзамдуу алганын билдиришти

Болот Темиров: Мени аскердик билетин уурдап алды дешкен киши күбөлүгүн жоготпоптур

«Күнөөнү мойнума албайм». Журналист Болот Темировдун иши боюнча биринчи отурум өттү