Бөлтүрүктүн адвокаты Эсептөө палатасынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууну суранды

«Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн адвокаты Кайсын Абакиров президентке, башкы прокурорго жана УКМКнын башчысына кайрылды. Юрист кайрылуусун Фейсбуктагы барагында жарыялады.

«Мурдагы жетекчи Теңигиз Бөлтүрүк тууралуу ар башка ЖМКда жооптуу кызматкерлерге автоунааларды берүү, анын айлыгынын өлчөмү, Деон Баденхорст, “Бейкер Тилли Бишкек” фирмасы менен келишимди бузуу жөнүндө маселе, Бөлтүрүктүн үй-бүлөсүнүн Канадага барганы тууралуу маалыматтардын жарыяланышынын, кандай гана таң калычтуу угулбасын, жалгыз демилгеси болуп Эсептөө палатасы эсептелет», — деп билдирди юрист.

Бөлтүрүктүн жактоочусу Эсептөө палатасы — мамлекеттик аудит жүргүзгөн көз карандысыз жогорку орган экенин эскертти.

«Мыйзамда Эсептөө палатасы өз ишмердигин жашыруун принциптеринин, адистик жана мамлекеттик кызматкердин этикасын так сактоонун негизинде жүзөгө ашырат деп жазылган. Эсептөө палатасынын аудит объектилеринин, тагыраагы КГК ЖАКтын саясий максаттарына көмөктөшүүгө укугу жок», — деп белгиледи жактоочу.

Юрист Эсептөө палатасынын ЖМКга чыккан маалыматы «мыйзам тарабынан корголгон маалыматтардын сырдуулугун гана эмес, күнөөсүздүк презумпциясынын принциптерин да бузат» деп эсептейт. Абакиров Бөлтүрүк тууралуу маалыматтын ачыкка чыгып кетишине жол берген палатанын жоопту адамдарын жоопкерчиликке тартуу керектигин кошумчалады.

«Кумтөрдүн» жетекчилигинин кармалышы

Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компанини» 2021-жылдын 17-майынан тартып жетектеген — дал ушул күнү бийлик кенге сырткы башкаруу киргизген. 2022-жылдын 24-августунда минкаб Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучулугунан четтетилгенин кабарлаган. Бул Эсептөө палатасы кендин ишинде каржылык бузууларды аныктагандан кийин болгон.

Өткөн жылдын 13-сентябрында Башкы прокуратура Кумтөр кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

Ошол эле күнү кечинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы Тенгиз Бөлтүрүк менен жетекчиликтин эки өкүлүн кармаган. Бөлтүрүк УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген, соттун акыркы чечимине ылайык, ал 10-мартка чейин камакта болот.

Бөлтүрүк болсо өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин «абсурд» деп атап, кол алдындагылардын баары үчүн жооп бере албасын билдирген.