«Kozu Grill» жарнамасында атасы кызын ала качкандарды бир кесим эт үчүн кечирди. Эмне дейт? o_0

Соцтармактарда «Kozu Grill» ишканасынын жарнамасы пайда болду. Жарнаманын видеосунда ала качуунун пропагандасын көрүүгө болот. Ала качуу — бул аялдарды никеге тургузууга мажбурлоо үчүн уурдоо, көп учурда ал уурдалган кыздын зордукталышына алып келет. Колдонуучулардын сын-пикирлеринен кийин жарнама соцтармактардан өчүрүлгөн. Бул тасманын эмнеси туура эмес экенин жана эмне үчүн адамдарды уурдоону жана зомбулукту тамаша кылууга болбосун айтып беребиз.

Эт адамдан маанилүү

Роликтин сюжети боюнча, боз үйдө ата-бала, алардын жанында ала качуу аркылуу алынып келинген кыз отурган болот.

«Ай балам ай, бекер кылыптырсың, атак-даңктуу кишинин алмончоктой кызын ала качып келгениң кантет?» — дейт атасы. Баласы атасы өзү бир кездерде апасын ала качып үйлөнгөнүн айтып жооп кайтарат. Жигиттин айтымында, кызды сүйдүрүп алуу үчүн ага эки күн жетет.

Жигиттин атасы башында баласынын айткандарын четке кагып, ал аялы менен жакшы көрүшүп үйлөнгөнүн айтат. Андан кийин ал уулун болочок кудаларды эптеп көндүрөм деп жоошутат. Аңгыча кыздын атасы эшиктен кирип келип, кызын алып кетүүгө камынат. Бирок үй ээси даам ооз тийип кеткиле деп козу грилди сунат. Аны даамдап көргөн ата кызынын каршылыгына карабай баштапкы оюнан кайтат.

Аңгыча эле кыздын сиңдисин да Ысык-Көлгө ала качып кетишкени белгилүү болот. Желдетинен бул кабарды уккан кыздын атасы Ысык-Көлдү карай жөнөп кетет. Бул учурда баласы атасына козу грил Ысык-Көлдө дагы ачылганын кабарлайт. Жүзүндө жылмаюу пайда болгон атасы уулун жаңы бажалуу болушу менен куттуктайт.

«Козу грилди жеп отуруп, көп маселени чечсе болот экен», — деп жазган кыздын атасын ойногон актёр Азамат Исмаилов Инстаграм барагында.

Кылмышты нормалдаштыруу

Материал жарык көрөөр алдында тасма Исмаиловдун жана ресторандын аккаунттарынан өчүрүлгөн. Нике кыюуга мажбурлоо үчүн уурдоо — бул кылмыш, ага Кырызстандын мыйзамы боюнча катаал жаза каралган. Бул нерсе өлкөнүн да реалдуу көйгөйү — статистика боюнча Кыргызстандагы ар бир 17 кыз эркине каршы алакачылган.

Ала качууга дуушар болгон кыз-келиндер көп учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип, өздөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, укуктары тепселенет.

Кыргыз жарнама берүүчүлөрү реалдуу кылмышты жарнама аркылуу нормалдаштырууга биринчи жолу эле аракет кылып жаткан жок. Алар дагы бир жарнамада ала качылып келген кызды «сонун батир» үчүн жигитке турмушка чыгууга макул кылышкан.

Мындан кийин жарнаманын авторлору да, жарнама бергендер да бул жөн эле тамаша деп актанышкан. Бирок мындай тамаша оор кылмышты кадыресе көрүнүш кылат. Поп-маданият, жарнама, тамашанын продуктулары аркылуу коомдо терс көз карашты калыптандырып келишет.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнаманы ишке ашыруу башкармалыгына «Kozu Grillдин» жарнамасы боюнча арыз берилди, мекеме арыз жакын арада каралат деп ишендирди.

Ала качуу

2013-жылдан тарта Кыргызстандын жазык кодексинде ала качуу үчүн каралган жаза күчөтүлгөн. Мисалы, 2018-жылдын ноябрына карата 895 кайрылуу катталган. Алардын ичинен 18 пайызына гана кылмыш иши козголгон, ал эми 28 учур сотко чейин жеткен.

Кыз-келиндердин көбү укук коргоо органдарына кайрылбайт, алар ала качылып барган жердин басымынан ошол жерде калып калышат. БУУнун гендердик маселелер боюнча баяндамасына ылайык, Кыргызстанда ар бир бешинчи үй-бүлө ала качуу жолу менен жаралат.

Жазык Кодексинде адамды мажбурлап никеге тургузуу үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

Коомдо Бурулай Турдалы кызынын киши колдуу болгону резонанс жараткан. Аны 2018-жылы бир эле киши эки жолу ала качып кеткен. Экинчи жолкусунда эркек кишини милиция кармап, РИИБге камакка алган. Ал жактан кызды өлтүрүп салган.

Ал учурда бул ишке саясатчылар менен аткаминерлерден баштап президентке чейин көңүл бурушкан. Ал эми коомдо мындан ары эч ким кыздарды ала качкыс болду деген пикир айтылган. Бирок арадан бир ай өтпөй эле бишкектик жаш кыз ала качылганы тууралуу белгилүү болгон. Аны бейтааныш адам менен никеге турууга мажбурлагылары келген.

Бурулайды ала качкан адам менен ага жардам бергендер соттолуп, кыздын өлтүрүлүшүнө жол берген милиционерлерге санкциялар колдонулганы менен дагы деле кыздарды уурдап, никеге турууга мажбурлап жатышат. Ал эми жарнама берүүчүлөр, сериал тарткандар жана поп-жылдыздар кылмышты актап жатышат.

ТЕМА БОЮНЧА: