Видео

«Жүзүңүз жакпай жатат». Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү журналисттин суроосуна жооп берүүдөн баш тартты

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов Орок айылындагы жаңжал тууралуу журналисттин берген суроосуна жооп берүүдөн баш тартып, анын себебин журналисттин «жүзү жагымсыз экен» деген сөз менен түшүндүрдү.

Чүй облусунун Орок айылында чыр чыкты — 30 адам кармалды

Ички иштер министрлиги маалымдагандай, Орок айылында кырдаал туруктуу, окуя болгон жерде милиция жана жергиликтүү бийлик иштеп жатат.

«Республика» партиясынын мүчөсү Матраимовдор жөнүндө пикиринен улам УКМКга чакырылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитет 4-июнда «Республика» партиясынын мүчөсү Канат Мидин уулун «Азаттыктын» Матраимовдордун үй-бүлөсүнө арналган иликтөөсү жөнүндө фейсбукта жазган пикиринин айынан суракка чакырды.

Бишкекте антикоррупциялык митинг өтпөй калды — активист Карасартова президентке талаптары менен кайрылды

Укук коргоочу жана митингдин уюштуруучусу Рита Карасартова 3-июнда билдиргендей, пландалып жаткан антикоррупциялык митингге Биринчи май райсоту тыюу салгандыгы үчүн өтпөй калды.

Жээнбеков, «АКА» компаниясы жана Матраимовдор. Сапар Исаков «Азаттыктын» иликтөөсү тууралуу эмнелерди айтып берди?

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылдын декабрь айында президент Сооронбай Жээнбеков андан «АКА» компаниясындагы инвесторлор менен жолугушууну суранган деп билдирди. Ал убакта Исаков премьер-министрлик кызматта иштеп турган.

Кыргызстандан чыгарылган 700 млн $. Бул Матраимовдордун үй-бүлөсү менен кандай байланыштуу?

«Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов ишенимдүү булактарга таянуу менен 2011-2017-жылдар аралыгында Кыргызстандан 700 млн долларга чукул акча чыгарылып кеткени айтылган иликтөө жарыялады.

«Сабап туруп үйдөн кууп чыкты». Мурас, эне мээрими жана акыйкат(сыздык) жөнүндө окуя

65 жаштагы Роза Курбанова кошунасынын сарайында акысыз жашайт. Жатактын акысы үчүн иттерди, тоокторду, коёндорду багып, чычкандарды ууландырат. Анын өз үйү деле бар — чоң жана эки кабаттуу. Бирок ал жакта жашай албайт — үч жыл мурда уулу Роза Нуриевнаны үйүн ага каттатып берген соң кууп чыккан.

«Антитеррор» кыймылынын катышуучулары укук коргоочулардын иш-чарасын эки жолу үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты

«Антитеррор» кыймылынын өкүлдөрү 24-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитетинин (УКМК) реформасы талкууланып жаткан тегерек столду үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышкан.

КСДП УКМКнын Атамбаев менен Ниязовдун иш бөлмөлөрүндө тыңшагыч орнотууга аракет кылганын билдирди — атайын...

КСДПнын штабынын өкүлү УКМКнын кызматкерлери аны коркутуу жана опузалоо менен «Форум» имаратындагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүндө тыңшоочу түзмөк орнотууга мажбур кылууга аракет кылышканын жашыруун түрдө айтып берди.

Аары эне. Ишкер айым Бишкекте диабет менен ооруган балдар үчүн биринчи бала бакча ачты

Алты жыл мурда сегиз жаштагы Назимада биринчи типтеги диабет дарты аныкталган — мунун айынан аны бала бакчага алуудан баш тартышкан. Кыздын апасы Нурхан Жумабаева ал жалгызсырап калганын каалачу эмес. Ошондуктан эне алты жыл мурда «Пчёлки» бала бакчасын ачкан. Бул диабет менен ооруган балдар үчүн Кыргызстандагы биринчи инклюзивдүү бала бакча.

Редакциянын тандоосу