Видео

«5-июнь — экинчи жаралган күнүм». Колунан көөрү төгүлгөн мугалим

Кара-Көл шаарынын тургуну Токтокан Чокоеванын эки бутунан ажырап, майып арабасында отуруп калганына 20 жылдай болду. Учурда ал 32 кызга шурудан соолубас гүлдөрдү жасоону үйрөтүп келет.

Кара-Суу: Аким Матраимов менен жолугушуу учурунда жергиликтүү бийликти сындагандарды залдан чыгарышты

0
Ош облусундагы Кара-Суу районунун акими, бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов менен депутат Искендер Матраимовдун бир тууганы — Тилек Матраимов мурдараак анын отставкасын талап кылган өз районунун тургундары менен жолукту. Тургундар айылдык кеңештин иштерине нааразы болушту, бирок сын-пикир айтууга аракет кылгандарды залдан чыгарышкан

Кантта белгисиз адамдар 12 жаштагы баланы уурдап кетишти — видео

Чүй облустук ИИБинен билдиришкендей, 12 жаштагы Данил Браилкин Кант шаарынын №2 кичи районунда болжолдуу эртең мененки саат 9да уурдалган. Аны мектепке бара жаткан жеринен...

Видео: «Самаркандек» — кыргыз-тажик элинин достугун бекемдеген базар

Баткен районундагы «Самаркандек» базары 1982-жылы негизделген. Ал Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары соода-сатык кылган эң чоң базарлардын бири. Эки элдин башын бириктирген соода аянтчасы достуктун базары катары белгилүү.

Киевдеги жарылуу. Эмне белгилүү жана кыргызстандыктын буга кандай тиешеси бар?

Украинанын Башкы прокуратурасы Киевдин көчөлөрүнүн бириндеги машинанын жарылуусу тууралуу маалымдап, муну теракт кылуу аракети деп атады. Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Игорь Мосийчук билдиргендей, бомбаны машинага кыргызстандык орноткон жана ал жарылуу учурунда каза тапкан.

Кулатылган президент Бакиев Минскте козу жеп жатат — видео

Коомдук желеде Кыргызстандын кулатылган президенти Курманбек Бакиев козу жеп жатканы тартылган видео жарыяланды. Бул Минсктеги «Астория Риверсайд» ресторанында болгон.https://www.youtube.com/watch?v=N02e1X6kPyc&feature=youtu.be&fbclid=IwAR1WNrwFkJVOlH3pJoN4uAfP8lkiW_yjC7SPVPgYvdVDDexEw2U4M3UF0aYВидеодо «Астория Риверсайд» ресторанынын ашпозчусу Бакиевдин...

«Өмүр бою дарылануу жана 4 миң сом». Дарыгерлердин шалаакылыгынан АИВ жуктуруп алган эне-балдардын окуялары

2006-2008-жылдары Ноокат райондук ооруканасында 139 бала АИВ (ред. — адамдын иммун тартыштык вирусу, орусчасы ВИЧ) илдетин жуктурган. Кийинчерээк мындай диагноз алардын энелерине да коюлган. Дарыгерлердин шалаакылыгы үчүн өмүр бою дарыланууга мажбур балдар айына 4 миң сом алышат, ал эми энелерге каражат каралган эмес. «Клооптун» журналистери айрым энелер менен жолугушуп алардын мүдөөсүн угуп кайтышты.

Чек ара кызматы: Казакстан Кыргызстандан чыккан оор жүк унааларын текшерүүнү күчөттү

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева «Ак-Тилек — Автодорожный» өткөрмө бекетинде 140 оор жүк унаасы топтолуп калганын «Клоопко» билдирди. Анын айтымында, Казакстан тараптан чек ара көзөмөлү күчөтүлгөнүнөн улам ушундай абал түзүлгөн.

Бишкекте арыктардагы таштандылардын айынан бир нече көчөнү суу каптады — видео

28-мартта жаандан кийин Бишкектин бир нече көчөсүн суу каптады. Ага жер алдындагы суу агызгыч түтүктөрү менен жол боюндагы арыктарга толуп калган таштандылар себеп болгон.

Жээнбеков Путинге аргымак менен тайган белекке берди — видео

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн орусиялык кесиптеши Владимир Путинге орлов тукумундагы аргымак жана Шерхан аттуу тайган күчүгүн белекке берди.

Редакциянын тандоосу