Депутат Мамкаттоодон «Самара» боюнча иликтөөнүн жыйынтыктарын талап кылды

Парламенттин депутаты Исхак Масалиев

Парламенттин депутаты Исхак Масалиев Мамлекеттик катто кызматынан (МКК) «Самара» системасы боюнча ички иликтөөнүн жыйынтыктарын талап кылды. «Клооптун» журналисттери МККнын өкмөттүк серверинде шайлоо өнөктүгү маалында бир ай бою мамлекеттик эмес samara.kg сайты жайгашканын далилдешкен.

Парламенттин 20-февралдагы жыйынында «Өнүгүү-Прогресс»  фракциясынын депутаты Исхак Масалиев министрлердин биринен мамлекеттик эмес «Самара» сайты боюнча иликтөөнүн жыйынтыктарын сурады.

Аты белгисиз министр өзүндө андай маалымат жок деп жооп берди — Масалиев ушул эле суроону МККнын төрайымынын орун басары Айнура Туйбаевага узатты.

«Бул маалымат боюнча бизде ички иликтөө жүргүзүлгөн, бардык материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлгөн», — деп жооп берди Туйбаева.

Масалиев иликтөөнүн жыйынтыктарын жеке өзүнө көрсөтүүнү талап кылды.

«Самара» тууралуу иликтөө

«Клооптун» редакциясы 26-октябрда Кыргызстандын өкмөтүнүн серверинде бир ай бою мамлекеттик эмес samara.kg сайты камтылганын далилдеген иликтөөнү жарыялаган.

Сайтта кыргызстандыктардын паспортторунун номерлери, аты жөндөрү, ИНН маалыматтары болгон. Ошондой эле бул сайт президенттик шайлоодо жеңип чыккан талапкер Сооронбай Жээнбеков менен ыктымал байланышы болгон болушу мүмкүн.

Өкмөттүк сервердеги тышкы сайтка кирүү мүмкүнчүлүгү өткөн шайлоодогу үгүт кампаниясынын жүрүшүн олуттуу жеңилдетиши мүмкүн болгон жана ошондой эле, Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын коркунучка кептеген.

МКК журналисттердин иликтөөсүн «жаңы шайлоо технологиясын дискредитациялоо аракети» деп атап, анын артында «эски убактарды эңсеген белгилүү бир саясий күчтөр турат» деп билдирген.

Иликтөөгө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да кызыгып, «Самара» тууралуу материалдын авторлорунун бири Ринат Тухватшинди чакырып, көрсөтмө алышкан.

МККда иликтөөнүн авторлорун сотко берүүнү убада кылышкан, бирок сотко арыз түшө элек.


ТЕМА БОЮНЧА: