Коронавирус шарттаган илдеттен жалпысынан 23 адам айыкты — ССМ

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 7-апрелдеги брифингде коронавирустан жалпысынан 23 адам арылганын кабарлады.

Буга чейин айыккандардын саны 10 адамды түзгөн. Коронавирустан алгач айыккандар 30-март күнү катталган — үч бейтап Жалал-Абад облусттук ооруканасынан үйлөрүнө чыгарылган. Кийинчерээк алардын санын Ала-Бука аймактык ооруканадан чыккан эки бейтап толуктаган. Ал эми үч күн мурун Баткен районунда бир аял, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда дагы бир аял жана Бишкек шаарында эки эркек вирустан арылганы белгилүү болгон.

Калган 14 жаран кайсы аймактардан болгону азырынча белгисиз. Бирок буга чейин Ош облусундагы Ноокат аймактык оорукананын инфекционист дарыгери дагы бир нече бейтаптын абалы жакшырганын жана алар үйгө чыгарууга даярдалып жатканын билдирген.

Ал эми 7-апрелге карата Кыргызстанда өпкөнү сездеткен вирустун 228 жаңы учуру катталды — алардын 19у медкызматкер. Төрт адам аталган илденттен каза тапты.