Кыргызстанда дагы 3 адам коронавирустан айыгып ооруканадан чыгарылды

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда коронавирустан дагы 3 бейтап арылды. Алардын экөөсү Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада, ал эми 45 жаштагы аял Жалал-Абад облусундагы Аксы аймактык ооруканада дарыланып жаткан.

Бишкектеги ооруканадан чыгарылган 24 жана 25 жаштагы эки эркек 21-мартта обсервацияга алынган. Алардын бирөөсү Франциядан, экинчиси Сауд Арабиядан келген.

Ушуну менен коронавирус шарттаган инфекциялык оорудан 9 адам айыкты. Буга чейин 3 бейтап Жалал-Абад облустун ооруканадан, бирөө Баткен облустук ооруканадан жана экөө Ала-Бука аймактык ооруканадан дарыланып үйлөрүнө чыгышкан.

Ал эми 2-апрелде Ноокат аймактык ооруканасында вирус жуктурган 61 жаштагы бейтап каза тапкан. Анын өлүмүнүн так себеби белгисиз, аны аныктоо үчүн потологоанотомиялык изилдөө жүргүзүлүп жатат.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 144 адамга жетти. Алардын тогузу медицина кызматкери.

Кыргызстанда 25-марттан 15-апрелге чейин коронавирус катталган аймактарга өзгөчө абал жарыяланган. Буга байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Жалал-Абад облусунун Сузак району, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда кечки саат 20:00дөн эрте мененки 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча жаңылыктарды жарык көрөөрү менен окуп тургуңуз келсе, анда «Клооптун» соцтармактардагы барактарына жазылыңыз: Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассники.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция