Өткөн сутка ичинде Бишкек шаарында дагы 3 медкызматкерде коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 11-майдагы брифингде билдирди.
Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 235ке жетти — бул жалпы оорулуулардын 23 пайызын түзөт. Алардын 180и илдеттен айыгып, бирөөсү каза тапты. Өкмөт көз жумган медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом кун төлөп бермекчи.
Иш убагында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миң сом кун каралган. Ал эми илдеттен каза тапкан медиктердин үй-бүлөлөрүнө 1 миллиондон компенсация төлөнүп берет. Бирок анын алдында Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы ар бир учурду иликтеп чыгат.
Ошондой эле COVID-19ду жуктурган бейтаптарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы каралган. Март айында оорунун очогунда жалпысынан 6036 медкызматкер иштеген — аларга төлөнүүчү каражаттын суммасы 34 миллион 963 миң сомду түздү.
Кыргызстанда 11-майга карата коронавирустун жаңы 14 учуру катталды — жалпысынан 1016 учур. Ооруканаларда 316 адам жатат — алардын төртөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.