Нарындагы төрөт үйүндө COVID-19 кандайча катталганын комиссия изилдеп жатат

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 15-майдагы брифингде Нарын облусундагы төрөт үйүнүн кызматкерлерине жана бейтаптарга кантип коронавирус жугуп калганы аныкталып жатканын билдирди.

Аталган оорукананын 11 медкызматкерде жана 8 төрөгөн аялда коронавирус аныкталган. Мындан сырткары оорукананын төрөт бөлүмүндө жети кош бойлуу аял да бар — аларда COVID-19 бар же жоктугу азырынча белгисиз.

«Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жана Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова башында турган комиссия Нарындагы төрөт үйүнө COVID-19 инфекциясынын катталуу себептерин аныктап жатат. Андыктан төрөт бөлүмүндө инфекцияга каршы күрөшүү боюнча эпидемиологиялык чараларды күчөтүү чечими кабыл алынды» , — деди Үсөнбаев.

Нарындагы төрөт үйүндө коронавирустун алгачкы учуру 12-майда катталды — 6 медкызматкерде аталган вирус табылган.

«Бул бейгамсыздык мамиле кылгандан болуп калды. Анткени коопсуздук шарттарды түзүп, ошону эске албай койгондуктан ушуга келип жатат окшойт», — деген Үсөнбаев 12-майдагы брифингде.

Саламаттык сактоо министрлиги медиктер кандай жол менен коронавирусту жуктуруп алганын иликтөө үчүн комиссия түзгөн. Анын натыйжасында, эгерде медкызматкер иш убагында коронавирусту жуктуруп алган болсо, өкмөт ага 200 миң сом кун төлөйт — ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө компенсациянын өлчөмү 1 млн сомду түзөт.

Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 15-майга карата 248ди түздү — алардын 194ү өпкө илдетинен айыкты. Ошондой эле илдетти жуктуруп алган бир медкызматкер көз жумган — Жүзүмкан Көкүмбаева иштеген Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда андан башка дагы 8 медкызматкер коронавируска чалдыккан. Өкмөт Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө 1 млн сом кун төлөп берди.