Коронавируска чалдыккан медиктердин саны 2967ге жетти

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 11-августта COVID-19 дагы сегиз медкызматкерден табылганын кабарлады. Ал эми акыркы сутка ичинде сегиз медик сакайып, үйүнө чыгарылган.

Коронавирусту жуктуруп алган медиктердин эң көбү Чүй облусунда катталды — төрт. Ошондой эле, Ош жана Бишкек шаарларында — бирден, Ош облусунда — эки медик коронавируска чалдыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 2 967ге жетти, анын 2212си илдеттен айыкты. Өкмөт 30-июлда COVID-19дан 73 медкызматкер каза болгонун маалымдаган.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет.

Саламаттык сактоо министрлигинен 3-августта билдиргендей, иш убагында коронавируска чалдыккан төрт медкызматкерге 200 миңден кун төлөнгөн, ошондой эле дагы 40 медкызматкерге компенсация төлөө маселеси каралып жатат. Бирок буга чейин оору жуктурган 41 медикке компенсация төлөнүп берилгени белгилүү.

Ошондой эле, өкмөт COVID-19дан каза болгон эки медиктин — Кара-Кулжалык фтизиатр Альберт Исмаиловдун жана Бишкектеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаеванын — үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон компенсация төлөп берген.

Мындан сырктары 3-августа Саламаттык сактоо министрлиги пандемия башталгандан тарта медиктерге кошумча акы төлөө үчүн 807 млн сом жумшалганын билдирген.

11-августка карата COVID-19ду жуктургандардын саны 40 445ге жетти. Алардын ичинен 32 764 бейтап айыгып, 1 478 киши каза болду.