Башкы прокуратура Иса Өмүркуловдун канттык мугалимдер менен жолугушуусун текшерет

БШКнын координациялык тобу Иса Өмүркулов Канттагы мектепте мугалимдер менен жолугушууда шайлоо мыйзамын бузду деп чечти. Ал материалдарды текшерүүгө Башкы прокуратурага жөнөттү.

Координациялык топко Өмүркулов 15-сентябрда мектеп мугалимдери менен жолугушуп, өзү талапкер болуп аттанып аткан «Мекеним Кыргызстан» партиясына үгүттөгөнүн билдиришкен.

Талапкер «Азаттыкка» канттык мугалимдер менен чындап эле жолугушканын бышыктап, бирок үгүттөбөгөнүн айткан.

Канттагы жолугушуу

Саясий бирикмеге каршы чыгып аткан tajadym каналы аталган жолугушууда жаздырылып алынган делген үн жазма жарыялаган.

View this post on Instagram

(РЕПОСТ, РЕПОСТ)А вот и обещанное аудио и фото. Иса Омуркулов, собрал учителей в школе и делает агитацию за Мекеним Кыргызстан. Он говорит, что когда-то он помог Канту и этим людям, и теперь пришло время помочь ему. А он не понимает, что много учителей и жителей Канта против коррупционеров. И таких фактов все больше и больше. Можно ли так собирать учителей? Могут ли другие партии ходить в школы? Здесь явно есть звонок сверху

A post shared by #Тажадым (@tajadymm) on

Аудио 19 мүнөт уланып, ал аралыктан окууга өтүү учурунда «кыйын убакта мугалимдерди колдогон» «конок» Иса Өмүркуловду тааныштыруудан башталат.

Андан соң «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери менен деген киши сөз баштап, партиянын тизмесинде «мэр болуп иштеген учурундагы үч экс-орун басары», Татьяна Кузнецова, Бакыт Дүйшөмбиев жана Мирлан Амантуров бар экенин айтат.

«“Биримдик” биз менен талашып-тартышып жатат. Анткени, ар бир депутат көбүрөөк добуш алгысы келет. Себеби кимиси аз алса, ал кетет деген милдеттенме алышкан... Биз да аракет кылып жатабыз. Үчүнчүсү, төртүнчүсү, бешинчиси... алар көп, мен жалгызмын. Андыктан, мага гана... макулбу!?» — дейт аудиодогу адам.

Андан соң «талапкер» мугалимдердин айлыгын жана пенсияны көтөрүүнү пландап атканын айтат. Ал чогулгандарга «депутат Строкова менен биргеликте киргизген» медиктер менен мугалимдерди пенсия менен камсыздоо жөнүндө мыйзам долбоорун киргизгенин эске салган. Строкова да мурда мугалим болгон.

Мындан тышкары, ал бийлик эмне үчүн балдарга «пандемия бүтсө да» «кадимкидей окууга» уруксат бербей жатканын түшүнбөсүн айтат.

«Бардык талапкерлердин арасынан мен — жергиликтүүмүн. Чынын айтсам, “Биримдиктеги” Акылбек Жамангулов [“Мегакомдун” башкы директору] Ысык-Ата району үчүн жоопттуу. Ал өзүнүн “Мегакомуна” кетип калат, болду, бул жерде “Биримдик” болбойт. Калагандары өтөбү-өтпөйбү — бул чоң суроо. Бирок биз өтөбүз, мен ушинтип ойлойм», — деди «талапкер».

Ал киши ушунча жылда адамдарга дайыма жардам берип, аларды унутпасын далилдегенин айтты. Ал отургандардын баарына 20 жылдан бери алмаша элек телефон номерин айтып, алар суроолору менен чала алышарын билдирди.

Ал кимдир бирөөнү добуш бердиртүүгө мажбурлоо азыр Куранга ылайык келбесин кошумчалап, мугалимдерден башка партиялардын коркутууларынан коркпоону суранды.

«Азыр партиялардын ортосунда ушундай бир күрөш болуп атат, кимдир бирөөсү административдик ресурска басым кылып атат. Ишенип койгула, силерди эч ким капа кылбайт. Силерден суранып, басым кылып, коркутушу мүмкүн, бирок эч ким тийбейт. Райондо бир да жетекчини капа кылдыртпайм», — деп убада берет ал.

«Мекеним Кыргызстандын» жаңжалдары

Бул «Мекеним Кыргызстандын» талапкерлерине байланыштуу болгон үгүт иш-чараларында чыккан биринчи чуу эмес. 24-сентябрда Боршайком Араван районунда үгүт иш-чарасынан кийин массалык мушташ орун алгандыктан, партиянын тизмесинен Ильхом Маннановду четтеткен.

Ошондой ээле жакын арада «Мекеним Кыргызстан» коронавирустун пандемиясына байланыштуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө салынган тыюуга карабастан Сокулук районунда жана ошол эле Араванда жүздөгөн шайлоочуларды чогулткан.

Мурдараак «Республиканын» жана «Биримдиктин» үгүтчүлөрү да «Мекеним Кыргызстандын» үгүтчүлөрү тарабынан кол салуу болгонун билдиришкен. Ошондой эле 14-сентябрда БШК «Мекеним Кыргызстандын» талапкери Кылычбек Исамамбетовго үгүт учурунда концерт койгону үчүн айып салган. Бирок комиссия партиянын өзүнө эскертүү берген эмес.

Ал эми 11-сентябрда Кара-Суу районунун имамы «Мекеним Кыргызстандын» шайлоочулары менен жолугушуусуна катышып, аягында бата берди. Мыйзамга ылайык диний ишмерлерге үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган. БШК анын сөзүндө үгүт фактыларынын бар-жогуна текшерүүнү убадалаган.