«Алканова аркылуу байланышкам». Сооронкулова Райымбек Матраимов менен жолукканын айтып берди

Клара Сооронкулова / Элнура Алканова / Райымбек Матраимов

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова 29-сентябрда фейсбукта түз эфирге чыгып, бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен жолукканы тууралуу айтып берди. Сооронкулова бир күн мурдагы дебатта Матраимов менен өткөн жылы Бишкектеги «Чайна Таун» ресторанында кезиккенин билдирген.

Сооронкулованын айтымында, ал 2019-жылы жайында «ResPublica» интернет-басылмасынын «Говорим» аттуу берүүнүн алып баруучусу болуп иштеген. Ошол учурда Сооронкулова журналист Элнура Алканова аркылуу Райымбек Матраимовдон интервью алуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Клара Сооронкулова: О том самом дне

Posted by Реформа on Tuesday, September 29, 2020

«Райымбек Матраимов менен мен былтыр 10-октябрда жолугуптурмун [...] Берүүгө келгенге макул болгон, бирок кийин баш тартып койду. Ошондо шайлоо жөнүндө, партия жөнүндө сөз болуп калды. “Шайлоого даярданып жатабыз, партияларды чыгарабыз” [деди Матраимов]. “Кайсы партия менен чыгасыңар?” десем, “Азырынча белгилене элек, бирок бир нече партия чыгарышыбыз мүмкүн” деген сөз болду», — деди Сооронкулова.

Мындан сырткары Сооронкуловага шайлоого Матраимов менен биргеликте катышууга сунуш түшкөнүн ачыктап, бирок ал «Улуттар биримдиги» партиясы менен барууга ниеттенгендиктен бул сунуштан баш тартканын белгиледи.

«Ал кишиге айттым: “Мен “Улуттар биримдигиндемин”, биз өзүбүз дагы шайлоого катышканы жатабыз. Анан мен өзүмдүн репутацияма чоң маани берем, андай репутациялык жоготууларга бара албаймын, мен силерге кошула албайм [...] Сиз жөнүндө канча маалымат кетип жатат, “Азаттыктын” иликтөөсү болду. Ошол иликтөөдөн кийин шайлоого кантип чыгасыңар” десем, “мен абдан тазамын” деди [Райымбек Матраимов]. Кийин аягында “таза болсоңор элге ошону далилдеп бербейсизби?” деген [суроо] менен ал жолугушуу бүткөн», — деди Сооронкулова.

Ошондой эле Сооронкулова Райымбек Матраимовдон президенттин иниси Асылбек Жээнбеков менен мамилеси начарлап жатканы тууралуу да сураган. Анын айтымында, Матраимов бул маалыматты «душмандар каралоо максатында таратып жатканын» билдирип, Асылбек Жээнбеков менен мамилеси «жакшы» экенин белгилеген.

Сооронкулова КТРКнын дебатында Матраимовдорго байланышы бар деп саналган «Мекеним Кыргызстан» менен бийликчил делген «Биримдик» партиясы 65 мандантты сатып алып койгонун билдирген. Ошондой эле бул партиялардын негизги максаты 2023-жылы боло турган президенттик шайлоо экенин айткан.

Элнура Алканова деген ким?

Журналист Элнура Алканова 2017-жылы «Азаттыктын» «Бажыдагы миллиондор» аттуу иликтөөсүнүн авторлорунун бири — бул иликтөөдө бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү тууралуу айтылган. Кийинчерээк Алканова бир катар кыргыз саясатчылары жана аткаминерлери тууралуу дагы иликтөөлөрдү жасаган — алардын ичинде экс-премьер-министр Сапар Исаков да болгон.

«5-канал» 15-июнда Алканова «Азаттыктын» журналисттеринин Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткендиги жана ага Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу жүйөөлөрүн изилдеп чыккан репортаж жарыялаган.

«Азаттыктын» иликтөөсүндө Матраимовдордун башкармалыгындагы кайрымдуулук фондго 2015-2017-жылдар аралыгында 2,3 млн АКШ доллары которулган деп айтылат.

Алканова өзүнүн репортажында иликтөөнүн автору Али Токтакуновдун колуна тийген кээ бир документтердин анык экендигинде күмөн жаратып, жыйынтыгында «Азаттык» «ишенимдүү эмес маалымат» таратты деп айыптаган. Токтакунов иликтөөдө колдонулган документтер анык экендигин билдирип, эми бул кырдаал менен саясатчылар пайдаланышы мүмкүн деп белгилеген.

Матраимовдордун үй-бүлөсү, анын ичинде парламенттин депутаты Искендер Матраимов жана бажынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Кыргызстандын түштүгүндөгү эң бай жана таасирлүү үй-бүлөлөрдүн бири болуп саналат. Экс-президент Алмазбек Атамбаев Матраимовдор азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылаган деп бир нече жолу кыйытып айткан.

Алканованын иликтөө тууралуу репортажынан кийин анын Матраимовдор менен байланышы бар деген пикирлер айтылган. Ошол кезде ал бул айыптоолорду четке каккан. 2020-жылы пандемия учурунда Алканова Матраимовдорго таандык болгон кайрымдуулук фонддун өкүлү экени ачыкталган. Кийин ал «Мекеним Кыргызстан» партиясынын штабында иштеп жатканын билдирген. Учурда Алканова аталган партия менен парламенттик шайлоого аттанууда.

Матраимовдордун үй-бүлөсү

2019-жылдын май айында «Азаттык» Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткени жана буга Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу иликтөө чыгарган. Кийинчерээк Матраимовдор каражаттардын чыгарылып кетишине тиешелери жоктугун айтып чыгышкан. Ал эми финпол журналисттер келтирген жүйөлөрдү текшерип, чет өлкөдө Матраимовдордун мүлкү табылбаганын билдирген.

2019-жылы күзүндө OCCRP, «Азаттык» жана Kloop «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу журналисттик иликтөөсүн чыгарып, кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын таасирлүү кыргыз аткаминери Райымбек Матраимов менен болгон байланышы жөнүндө айтып беришкен.

Журналисттердин маалыматчысы — Айэркен Саймаити — өлкөдөн 700 млн долларды мыйзамсыз чыгарып кеткенин мойнуна алып, чырмалышкан коррупциялык түйүн мурда бажы башчынын орун басары болуп турган Райымбек Матраимовдун жардамы менен түзүлгөнүн билдирген. Саймаити иликтөө чыгаарына 11 күн калганда Стамбулда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Ал Абдукадыр менен мамилеси бузулгандан кийин акыркы жылдары Стамбулда жашап жаткан.

Бул иликтөө коомчулукта резонанс жараткан. Өткөн жылдын ноябрь айында миңдеген адам «Ак үйдүн» алдына коррупцияга каршы митингге чыккан. Чогулгандардын негизги талабы Райымбек Матраимовду камоо жана реалдуу реформаларды өткөрүү болгон.

Матраимовдордун үй-бүлөсү Kloop, «Азаттык» жана «24.kg» (бул басылма иликтөөдө катышкан эмес, ал иликтөө тууралуу өз сайтында жарыялаган) басылмасын 60 млн сомдук доо менен сотко бергенден кийин, жарандар экинчи митингге чыгышкан. Митингдин катышуучулары парламенттин алдындагы революция эстелигинин жанына чогулуп, ЖМКларга басым жасоону токтотууну талап кылышкан.

Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» басылмасына койгон доосунан баш тартышкан. Бирок алар Райымбек Матраимовдун «ар-намысы менен ишкердик беделине» зыян келтирилди деп Kloopтон 12,5 млн сом, «Азаттыктан» 22,5 млн сом жана журналист Али Токтакуновдон 10 млн сом талап кылышууда.