«Матраимовдор орноткон коррупциялык схеманы жоюу» максатында бажы башчысы алмашты

Элнура Мамбетжунушева

Премьер-министрликке бекитилген Садыр Жапаров 14-октябрда өкмөттөгү бир катар жетекчилерди алмаштырды. Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Алтынбек Торутаев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгынан бошотулду. Анын ордуна Элнура Мамбетжунушева дайындалды.

«Мындай чечим Матраимовдордун үй-бүлөсүнө тийиштүү жактарды бажы органдарындагы иштен бошотуу жана алар орноткон коррупциялык схемаларды жоюу максатында кабыл алынды», — деп жазылат маалыматта.

Алтынбек Торутаев бул кызматка өткөн жылдын август айында дайындалган. Буга чейин коомчулукта Торутаев бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар деген пикирлер айтылган. Матраимов түштүк бажысын жетектеген учурда Торутаев анын орун басары болуп иштеген.

Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев «бажыны Матаримовдор менен Жээнбековдордун кланы көзөмөлдөөдө» деп айткан.

Улуттук статистика комитети өткөн жылдын июль айында эл арасында сурамжылоо жүргүзүп, анын натыйжасында бажы кызматы эң коррупцияшкан мекеме болгону айтылган. Бирок бажы кызматы бул жыйынтык менен макул болгон эмес.

Матраимовдордун үй-бүлөсүнө байланыштуу журналисттик иликтөө

2019-жылдын май айында «Азаттык» Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткени жана буга Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу иликтөө чыгарган. Кийинчерээк Матраимовдор каражаттардын чыгарылып кетишине тиешелери жоктугун айтып чыгышкан. Ал эми финпол журналисттер келтирген жүйөлөрдү текшерип, чет өлкөдө Матраимовдордун мүлкү табылбаганын билдирген.

2019-жылы күзүндө OCCRP, «Азаттык» жана Kloop «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу журналисттик иликтөөсүн чыгарып, кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын таасирлүү кыргыз аткаминери Райымбек Матраимов менен болгон байланышы жөнүндө айтып беришкен.

Журналисттердин маалыматчысы — Айэркен Саймаити — өлкөдөн 700 млн долларды мыйзамсыз чыгарып кеткенин мойнуна алып, чырмалышкан коррупциялык түйүн бажы башчынын мурдагы орун басары болуп турган Райымбек Матраимовдун жардамы менен түзүлгөнүн билдирген. Саймаити иликтөө чыгаарына 11 күн калганда Стамбулда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Ал Абдукадыр менен мамилеси бузулгандан кийин акыркы жылдары Стамбулда жашап жаткан.

Бул иликтөө коомчулукта резонанс жараткан. Өткөн жылдын ноябрь айында миңдеген адам «Ак үйдүн» алдына коррупцияга каршы митингге чыккан. Чогулгандардын негизги талабы Райымбек Матраимовду камоо жана реалдуу реформаларды өткөрүү болгон.

Матраимовдордун үй-бүлөсү Kloop, «Азаттык» жана «24.kg» (бул басылма иликтөөдө катышкан эмес, ал иликтөө тууралуу өз сайтында жарыялаган) басылмасын 60 млн сомдук доо менен сотко бергенден кийин, жарандар экинчи митингге чыгышкан. Митингдин катышуучулары парламенттин алдындагы революция эстелигинин жанына чогулуп, ЖМКларга басым жасоону токтотууну талап кылышкан.

Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» басылмасына койгон доосунан баш тартышкан. Бирок алар Райымбек Матраимовдун «ар-намысы менен ишкердик беделине» зыян келтирилди деп Kloopтон 12,5 млн сом, «Азаттыктан» 22,5 млн сом жана журналист Али Токтакуновдон 10 млн сом талап кылышууда.