«Атамбаев менен Кулматовду кошо камаймын деп айт». Бекназаров Ташиевге кайрылды

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди бажыдагы коррупция боюнча экс-бажычы Райымбек Матраимовдон сырткары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен бажынын экс-төрагасы Кубанычбек Кулматовду камоого чакырды.

Буга чейин УКМК Матраимов бажыда түзүп кеткен коррупциялык схема жолго коюлганын аныктап, териштирүү иштери башталганын кабарлаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, 2016-жылдан тарта бажынын кызмат адамдарды — алардын арасында Райымбек Матраимов — сырткы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн көзөмөлдөгү катышуучулар менен биргеликте бажыда коррупциялык схема орнотушкан. Учурда Матраимовдун схемасына тиешеси бар делген 40 бажычы аныкталды.

Бекназаровтун Матраимов жонундо калыс пикири

Азимбек Бекназаров Ташиевке кайрылды: - Камчы иним, өзүңө кел! Сен, "Райымбек Матраимовду камаймын" деп айттың! Эгерде, аны калыс түрдө камаймын десен, Алмазбек Атамбаев менен ошондогу Бажыкананы башкарып турган Кубанычбек Кулматовду кошо кама. Мен, Райымбек Матраимовдун тарабын талашкан жокмун. Бул коррупциялык система, эл аралык масштабдагы коррупция, Райымбек Матраимов солдат гана, анын атаманы Россияда жатат. Кулматов эки жолу Бажынын төрагасы болгон, ал эмнеге жоопко тартылбайт? Матраимов төрт орун басардын бирөөсү гана! Камчы иним эмне үчүн Атамбаев менен Кулматов жооп бербейт?”

Posted by Эльнура Алканова on Saturday, October 17, 2020

«Камчы иним, сен "Райымбек Матраимовду камаймын", деп айттың. Эгерде сен "калыс түрдө камаймын" десең, анда сен “Атамбаев менен Кулматовду кошо камаймын” деп айт. Мен Матраимовго болушкан жокмун, менин позициямды билесиң. Атамбаев менен менин 2010-жылкы телефондук сүйлөшүүмдү сен уккансың. Ошондуктан бул коррупциялык система эл аралык масштабдагы коррупция — Матраимов болгону анда бир солдат. Президентсиз, бажынын төрагасысыз, ошол жерде бир орун басар ушундай чоң эл аралык машстабда коррупция кыла алабы? Кыла албайт!» — деди Бекназаров.

*Социалдык тармактарда 2010-жылы ошол убакыттагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Алмазбек Атамбаевдин телефондо сүйлөшкөн аудиожазуусу тараган. Эки аткаминердин ортосунда бажы тармагындагы дайындоолор боюнча талаш жаралган. Бекназаров бажыга «Сооронбайдын [Жээнбековдун] адамын эмес» башка бирөөнү дайындаганга Атамбаевге нааразы болгон. Ошондой эле Бекназаров бажынын төрагасы Кубанычбек Кулматов жана Атамбаев бул дайындоого аты аталбаган бирөөдөн 400 миң доллар алганын айткан.

Ошол убакытта Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору, ал эми Кубанычбек Кулматов бажы кызматынын төрагасы болуп иштеген.

«Матраимов жоопко тартылат»

УКМКнын жаңы дайындалган төрагасы Камчыбек Ташиев «Матраимовдун кылмышы болсо, толук бойдон жоопко тартабыз» деп кабарлаган. Ал эми премьер-министр жана президенттин милдеттерин аткарган Садыр Жапаров Райымбек Матраимов «катаал жаза менен жоопко тартыла турганын» билдирген. Ошол эле учурда Матраимов Түркияга качып кеткени айтылган.

Бирок башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов «Ала-Арчада» резиденциясында өткөн парламенттин жыйынында Матраимовдордун үй-бүлө мүчөлөрүнө кылмыш иши козголбогонун билдирген.

Анткен менен Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов «чек арадан мыйзамсыз өтүүгө» шектелип жатат — ал 7-октябрь күнү Өзбекстандын чек арачылары тарабынан кармалып, УКМКга өткөрүлүп берилген. Учурда Тилек Матраимов үй камагында.

Матраимовдордун үй-бүлөсү

Матраимовдор — өлкөдөгү эң таасирдүү кландардын бири. 2019-жылдын майында «Азаттык» Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу жана ага мурдагы бажычы Райымбек Матраиовдун тиешеси бар болушу мүмкүндүгү жөнүндө иликтөө чыгарган. Кийинчерээк Матраимов акча каражаттарынын чыгарылышына тиешеси жок экенин айткан, ал эми финпол журналисттердин жүйөөлөрүн текшерип, чет өлкөдө Матраимовдордун мүлкү табылган эмес деп билдирген.

2019-жылдын күзүндө «Азаттык» радиосу, «Клооп» жана OCCRP «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу биргелешкен журналисттик иликтөө жарыялашкан. Анда кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр менен Матраимовдордун байланышы тууралуу баяндалган.

Журналисттердин маалыматчысы — Айеркен Саймаити — өлкөдөн мыйзамсыз 700 миллион доллардан ашык акчаны алып чыккандыгын мойнуна алган. Коррупциялык тармак ошол кездеги бажы кызматынын башчысынын орун басары Раим Матраимовдун жардамы менен жөнгө салынгандыгын айтып келген. Иликтөөнүн чыгышына 11 күн калганда, Саймаити Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Ал жерде Саймаити акыркы жылдары Абдукадыр кланы менен карым-катнашы бузулгандан кийин жашап калган.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин мураскери экөөнүн ортосундагы мамилесинин салкындашына Сооронбай Жээнбековдун Матраимовдор менен «достошуусу» дагы себепкер болгон. Атамбаев экс-бажычыны «Райым-Миллион» деп атат, Жээнбековдун алар менен ымаласы бар деп көп ирет айыптаган.