«Полный комплект». Талант Мамытов Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланды

Талант Мамытов. Сүрөт: «Азаттык»

Жогорку Кеңештин депутаттары 4-ноябрда «Ала Арча» резиденциясындагы жыйында «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Талант Мамытовду парламенттин төрагасы кылып шайлады. Мамытовдун талапкерлигин 100 депутат колдоп, бир депутат каршы болду.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев депутаттар Талант Мамытовдун талапкерлигин колдой турганын билдирди.

«Талант Мамытов төрага болгондон кийин “полный комплект” болушат. Бардык жерде өз адамдарын коюшту. Биз муну колдоп берип жатабыз. Үч айга чейин Садыр Жапаровдун бардык демилгелерин колдоп берели деп эл алдында айтканбыз. Тоскоол болбойлу деп. Жоопкерчилик толугу менен ушул команданын мойнуна өтөт. Мен айткандай “полный комплект” болду», — деди Текебаев.

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Канат Исаев президенттик шайлоого катыша турганын билдирип, кызматын 4-ноябрда тапшырды.

Талант Мамытов 2010-жылы Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев негиздеген «Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына депутат болуп шайланган.

2012-жылдын октябрь айында Жапаров, Ташиев жана Мамытов Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен Ак үйдүн астында митинг уюштурушкан. Кийинчерээк митингчилер Ак үйдүн тосмосунан ашып түшкөнгө аракет жасашкан.

Үч депутат укук коргоо органдары тарабынан кармалып, аларга «бийликти күч менен басып алуу» айыбы тагылган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2013-жылы алардын күнөлүү деп тапкан. Кийинчерээк Бишкек шаардык сотунда судья Курманкул Зулушев депутаттарды актаган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында Жогорку Сот аларды толугу менен актады.

Бүгүнкү күндө Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы, ал эми Курманкул Зулушев Башкы прокурор болуп дайындалган.