«Биринчи аял талапкер». Клара Сооронкулова президенттик шайлоого катышат

Клара Сооронкулова

«Реформа» партиясынын лидери жана «Укук мектеби» коомдук уюмунун жетекчиси Клара Сооронкулова президенттик шайлоого катышуу үчүн Боршайкомго арызын берди.

«Азыр өлкөбүз алдыга жылуусу керек — бул толук парламенттик башкарууга баруу. Президенттик башкарууга кайтуу — бул артка кадам. 3 революция тең бийлик бир колго топтолгондугунан болгон. Ошондуктан президенттик институтту жоюп, анык парламентаризимди камсыз кылууга баратам», — деп жазды Сооронкулова фейсбук баракчасында.

Клара Сооронкулова буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, кийинчерээк «Улуттар биримдиги» партиясынын аткаруу комитетинин катчысы болуп иштеген. Ошондой эле ал Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болгон.

Жогорку Кеңештин депутаттары 2015-жылы Сооронкулованы судьялыктан мөөнөтүнөн мурда бошоткон. Буга Сооронкулованын милдеттүү түрдө биометрикалык каттоодон өтүү тууралуу мыйзамды «Конституцияга каршы келет» дегени себеп болгон.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылы 10-январда өтөт. Азырынча президенттик шайлоого катышуу ниетин он үч талапкер билдирди. Алар:

Мындан сырткары президенттик шайлоого катышуу ниетин өлкө башчынын милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров да билдирген. Жапаров учурда ээлеген кызматтарын 14-ноябрга чейин тапшыра турганын кабарлады.