Финпол экс-вице-премьерлер Исмаилова жана Өмүрбекованы суракка чакырды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) 26-январда мурдагы вице-премьер-министрлер Аида Исмаилова менен Алтынай Өмүрбекованы суракка чакырды.

Исмаилова саат 9:30га чакырылган, ал ушул тапта сурак берүү үчүн финполго келди.

Өмүрбекова 15:00гө келиши керек. Анын айтымында, сурак өкмөттүн коронавируска карыш күрөшүүгө даярдыгына байланыштуу болот.

«Адамдардын өлүмү үчүн жооп беришсин»

Буга чейин финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев бийлик 2020-жылдагы коронаврустун биринчи толкунунда инфекция менен күрөшүүдөгү даярдык чабал болгону үчүн тиешелүү аткаминерлердин бардыгын жоопко тартарын билдирген.

«Пандемия учурунда каза болгондор үчүн бирөө жооп бериши керек да. Ушунча миңдеген адам каза болуп, эч ким жооп бербей калабы? Буга кимдин тиешеси бар? [Мухаммедкалый] Абылгазиев, [Кубатбек] Боронов, Алтынай Өмүрбекова, ушулар өкмөттү жетектеп турган да. Баары жооп беришет. Биз бул ишти аягына чыгарабыз», — деп билдирген ал.

2020-жылдын октябрь айында ЭККМК коронавирус менен күрөшүүгө арналган гумжардамды ыксыз бөлүштүрүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Иштин фигуранттары катары мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөн. Финпол Абылгазиевге өлкөдөн чыгууга тыйуу салган.

Мурдагы премьер-министр, октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткен Кубатбек Боронов буга чейин финполго күбө катары сурак берип чыккан. Ал сурактын темасы боюнча Жапыкеевдин айткандарын тастыктаган.

«Каргашалуу июль»

Ошол кездеги өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик коронавирус пандемиясына каршы күрөшкө 2020-жылдын январь айынан тартып камылга көрө баштаган. Кыргызстандагы COVID-19 жуктуруунун алгачкы учурлары 17-мартта катталган.

Бирок 2020-жылдын жай айларында, даярдык көрүүгө жетиштүү убакыт болгонуна карабай, өлкөнүн саламаттык сактоо системасы туңгуюкка кептелген: ооруканаларда койкалар, медиктер, дары-дармектер, жабдуулар жетишсиз болуп чыккан.

Мындан улам, июль айында COVID-19 жуктурган жүздөгөн кыргызстандык өмүрү менен кош айтышып, эл арасында «каргашалуу июль» деген аталыш пайда болгон. COVID-19 менен күрөшүүгө жооптуу делген жогорку кызматтагы аткаминерлердин эч кимиси ТИЗОдо эмес жана сот жообуна тартылган жок.

Пандемия башталгандан бери өкмөт аткаминерлеринин ичинен коронавируска каршы күрөшкө даярдык начар болгондугу үчүн экс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекова жана Саламаттык сактоо министрлигинин экс-башчысы Космосбек Чолпонбаев кызматтарынан ажыраган.

Кийинчерээк Финпол Чолпонбаевди шалаакылык менен кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектеп кармаган. 17-сентябрда Биринчи май райондук соту экс-министрди тергөө изоляторуна киргизүү чечимин кабыл алган.

Көп өтпөй эле 22-октябрда Чолпонбаев изолятордон миокарда инфаркты менен ооруканага жеткирилип, 13-ноябрда ага операция жасалган. Кийинчерек ал үй камагына которулган, ал 2021-жылдын 15-мартына чейин үй камагында болот.

Ал эми 2018-жылдан тартып министрлер кабинетин башкарган Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылдын 15-июнунда өз ыктыяры менен отставкага кеткен. Бул депутат Жанар Акаев радиожыштыктарды сатуу боюнча көтөрүп чыккан чуунун шартында болгон. Мунун алдында Абылгазиев «тергөөгө кысым көрсөтүү болду» деген айыптар болбошу үчүн эки апталык эмгек өргүүсүндө жүргөн.

Ал эми Боронов министрлеринин көбү менен оставкага октябрь окуяларынан кийин кеткен. Алардын арасында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов дагы болгон.