Видео: Октябрдагы окуялардан кийин кармалып, бошотулган аткаминерлер

«Баштан Башта» кыймылы өзүнүн Youtube-каналында 2020-жылдын октябрындагы толкундоолордон кийин кармалып, бирок бошотулган аткаминерлер тууралуу видео жарыялады.

Видео бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдон башталат — ал Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөнүн негизги фигуранттарынын бири.

Матраимов 20-октябрда кармалып, бирок ошол эле күнү эч жакка кетпөө шарты менен коё берилген. УКМК Матраимов тергөө менен кызматташып, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген. Ал эми 24-декабрда экс-бажычы Каржы министрлигинин атайын эсебине 1,4 млрд сомду которуп, калганын соода борбор жана 9 батир түрүндө берген.

Райымбек Матраимовдун бир тууганы, Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов өткөн жылдын 6-октябрында өлкөдөн чыгууга аракеттенген. Бирок Өзбекстандын чек арачылары аны кармап, Кыргызстандын бийлигине өткөрүп берген. Ал эми сот 22-октябрда Матраимовду «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөнү» үчүн күнөөлүү деп таап, 220 миң сом айып салган.

Мындан сырткары укук коргоо органдары Матраимовдор менен байланышы бар бир катар аткаминерлерди кармаган. Алардын ичинде Ош мэриясынын спорт комитетинин экс-башчысы Кылычбек Саркарбаев, Кара-Суу районуна караштуу Савай жана Сарай айыл өкмөттөрүнүн башчылары Мунарбек Сайпидинов жана Замир Турганбаев болушкан.

Ал эми быйыл жыл башында рейдерлик басып алууга шектелген Ош облусунун прокурору Улук Өмүрзаков жана ири суммадагы акча опузалоого шектелип кармалган президенттин мурдагы басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов бошотулду.