Депутат Бекешев президент уу коргошун кайнаткан жерди текшерүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент менен саламаттык сактоо министри Ысык-Көл тамырын кандайча кайнатып жатканын текшерүүнү сунуштады. Ал спикерге кайрылып, бул маселени текшерүү боюнча комиссия түзүүнү же тармактык комитеттин кароосуна берүүнү сунуштады.

«Дүйнөгө өтө эле шылдың болдук. Баа беришибиз керек, же текшеришибиз керек. Коронавирус күчөп жатат, ошол эле кезде саламаттык сактоо министри уу коргошунду жарнама кылып жүрөт. Президент менен кай жерде кайнатып жүрүшкөнүн текшерели», — деди Бекешев.

Бекешев президенттин резиденциясы — мамлекеттик мекеме экенин эскертип, Жапаров ал жерде өз билгенин кыла бербеши керектигин белгиледи.

«Мүмкүн, депутаттык комиссияны кура турган болсок, ага илимпоздорду кошолу, ал [уу коргошун менен дарылоо ыкмасын] туура деп тапса, анда тескерисинче [президентке] сыйлыктарды берели, “медицинанын доктору” деп илимий наамды берели» — деп депутат сунуш берди.

Мындан тышкары, эл өкүлү дарыгерлер уу коргошун менен дарылоонун кесепеттери жөнүндө эбак эле пикирлерин айтышмак экенин, бирок саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кысымынан коркуп жатышканын кошумчалады.

Коронавирусту уулуу Ысык-Көл тамыры менен дарылоо

Президент Садыр Жапаров 16-апрелде соцтармактардагы барактарында жергиликтүү дарыгерлер коронавирусту дарылоонун ыкмасын тапканын жарыялаган. Бул ыкма — уу коргошун, же аконит менен дарылоо экени белгилүү болгон. Аны медицинада, ал тургай териге сыйпап колдонуу да өмүргө кооптуу.

Этият болгула, бул өсүмдүк уулуу, аны туура эмес дозада ичүү өлүмгө алып келиши мүмкүн. Уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп жана ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Жүрөк токтоп калгансып, адам алсыз болуп, муздак тер каптайт жана кан тамырдын согушу бузулат, адам эсинен танып калышы дагы ыктымал. Мындан улам адамдын деми кысылып, жүрөгү токтоп каза табышы мүмкүн.

Ошол эле кезде, Жапаровду саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев колдогон. Уу коргошундун зыяны жоктугун далилдөө үчүн Бейшеналиев 16-апрелде өзү курган басма сөз жыйындын түз эфиринде кайнатма ичкен. Ошол эле басма сөз жыйында Бейшеналиев медиктер уу коргошундун тундурмасын коронавирус менен жана башка илдеттер менен ооруган бейтаптарга берип жатышканын да билдирген.

Бейшеналиев басма сөз жыйында тундурманы ичүү үчүн тамырды канча кошуу керектигин президент Садыр Жапаров гана аныктай алаарын да билдирген. Ал эми президенттик аппараттан 24.kgнин журналисттерине уу коргошундун кайнатмасы «Ала-Арча» мамрезиенциясында даярдалып жатканын, ал үчүн өзүнчө орун жай берилгенин кабарлашкан.

Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди ээлеген кызматынан бошотуп, ордуна компетенттүү кишини дайындоо сунушталган. Министрге ишеним көрсөтпөөнү 9 эл өкүлү колдоп, комитеттин бөлүмү тиешелүү катты премьер-министр Улукбек Мариповго жолдорун билдирген.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 20-апрелде Бишкекте уу коргошундан (акониттен) төрт киши ууланганы жөнүндө кабарлады. Алардын баары ооруканаларга оор абалда жеткирилген. Министрдин айтымында, ууланган төрт киши «алардын» кайнатмасын алышпаганын, өз билемдик менен дарыланып жатышканын билдирген.

Ысык-Көл тамыры же аконит же болбосо күрөшчү, байчечекейлер тукумундагы уулуу чөп өсүмдүгү. Медициналык изилдөөлөрдө «аконит — өтө уулуу өсүмдүк, аны салттуу медицинада колдонууга жол берилбейт, ал түгүл териге сыйпап койгондо да ал өмүргө өтө кооптуу» деп айтылат.

Тема боюнча:

Министр Бейшеналиев Бишкекте уу коргошунга уулангандар тууралуу үн катты

Уу коргошундун кайнатмасы 4-даражадагы онкологиялык оорулууларга да берилүүдө — Бейшеналиев