Василий Дашков үй камагына чыгарылды

«Кыргыз темир жолунун» мурдагы директору Василий Дашков үй камагына чыгарылды. Сотто Башкы прокуратуранын улук прокурору өтүнүч келтирип, аны сот канааттандырган. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы 19-майда билдирген. Дашков 18-июлга чейин үй камагында болот.

Ал эми УКМКнын өкүлү Назгүл Кыдыралиева бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Ошол эле учурда аталган райондук соттун сот отурумунун катчысы Сабина Жумабекова «Клоопко» Василий Дашков боюнча иш каралбаганын билдирди. Анын пикирин сот укуктарынын иш өндүрүшү боюнча адиси Жасмина Элчике дагы ырастады.

«Ал боюнча кечээ бизде эч кандай сот процесстери болбоптур, бизде каралган эмес экен», — деди ал.

Буга чейин ЖМКлар Дашковдун коррупцияга шектелип кармалганын жана ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени тууралуу жазып чыгышкан. Бирок УКМК бул маалыматты четке каккан.

Василий Дашков тууралуу журналисттик иликтөө

Василий Дашков — мурдагы милиционер. Темир жол тармагына 2006-жылы келген. 2020-жылдын январына чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасынын көпүрө куруу менен алектенген «Көпүрөчүлөр отрядын» башкарып келген. Андан соң аталган ишкананын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалып, 2020-жылдын апрелинен тарта мекемени жетектей баштаган.

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов жана фактчекер Болот Темиров «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Василий Дашковго таандык фирмалар ал жетектеген ишканадан кантип акчаларды адалдап турганы жөнүндө иликтөө чыгарган.

Иликтөөдө Дашковго байланышы бар үч фирма «Кыргыз темир жолунан» эки жылда эле 176 млн сомдук тендер утуп алганы ашкереленген.

Ушундан соң ал «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилик кызматынан бошотулган. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбека Марипов 25-мартта кол койгон.

Ал эми анын ордуна 8-апрелде мамлекеттик ишкананын жетекчиси болуп Адылбек Адранов дайындалган.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын буга чейин кармалган жетекчилери

УКМК өткөн жылдын 15-июнунда «Кыргыз темир жолунун» Дашковго чейинки башчысы Канатбек Абдыкеримовду «ири өлчөмдөгү алдамчылыкка» шектеп кармаган.

УКМКнын маалыматы боюнча, мамишкананын жооптуу кызматкерлери коррупциялык схеманы жөнгө салып, ал аркылуу мамсатып алуулар жогорулатылган баалар боюнча жүргүзүлгөн, ал эми ишкананын мурдагы жетекчиси түзүлгөн келишимдин суммасынын 8%дан 15%га чейинки бөлүгүн алып турган.

Мындан сырткары, атайын кызмат тарабынан «Кыргыз темир жолу» ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Юнусов 2020-жылдын 14-декабрында кармалган. Кийинчерек ал мамлекетке келтирген 11,7 млн сомдун ордун толтуруп берген. Юнусов убактылуу кармоочу жайдан бошотулуп, үй камагына чыккан. Ал өзүнө тагылган айыптын баарын моюндаган.

Ошондой эле, УКМК 2021-жылдын 9-январында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалады деген шек менен активист Мелис Аспековду жана ишкер Улан Жураевди кармаган.

10-январда Биринчи май райондук соту Аспеков менен Жураевди эки айга, тагыраагы 9-мартка чейин УКМКнын ТИЗОсунда калтыруу чечимин чыгарган. Ал эми 26-январда Улан Жураев үй камагына чыгарылганы белгилүү болду. Аспеков дагы деле камакта. Ал жакында эле экс-президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровго шайлоо үчүн 10 млн доллар бергенин айтып чыккан. Бирок аны президенттин басма сөз катчысы четке кагып, Жээнбеков активистти сотко берерин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК Дашковдун кармалганы тууралуу маалыматты төгүндөдү

«176 млн сомдук тендер». Темир жолдун жетекчиси кантип мамлекеттик ишкананы «тоногон»?

Журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты Василий Дашков кызматтан алынды