Таласта башына атылган октон каза тапкан 18 жаштагы кыз жерге берилди

Нурайым Талипованы акыркы сапарга узатуу. Сүрөт: Максат Кутманбеков / Азаттык

Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Жаңы-Жер айылында башына ок жеп каза болгон Нурайым Талипова 5-июнда жерге берилди. «Азаттык» басылмасы билдиргендей, ал быйыл мектепти аяктап, Бишкек шаарына жогорку окуу жайына тапшыруу үчүн даярданып жаткан.

Нурайым Талипова — 18 жашта болчу. Анын сөөгү 4-июнда Жаңы-Жер айылынын жолунда токтоп турган автоунаанын ичинен табылган.

Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан Талипова ок атуучу куралдан каза болгонун жана кылмышка Кара-Суу айылынын 19 жана 18 жаштагы тургундары шектелип жаткандыгын маалымдашкан.

Ошол эле күнү милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн биринин үйүнө барышып, анын короодогу асынып турган сөөгүн табышкан. Ал эми экинчи шектүү Кара-Буура РИИБинин тергөө бөлүмүнө алынып келинген.

Аталган факты КЖБРге «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, тергөө иши жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Буга чейин Айзада Канатбекованын сөөгү да унаадан табылган. Аны өлтүргөн Замирбек Теңизбаев алгач Айзаданы футболка менен муунтуп, андан кийин өзүн өлтүргөн.

Айзада үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде Теңизбаев жана төрт досу тарабынан никеге мажбурлап тургузуу үчүн уурдалган.

Милиция эки күндөн кийин гана Канатбекованын жана аны уурдаган Теңизбаевдин сөөктөрүн Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада токтоп турган унаадан табышкан. Кийнчерек соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында Айзада өлтүрүлгөнгө чейин зордукталганы белгилүү болгон.

Аталган окуя коомчулукта резонанс жаратып, алтургай Бишкек жана Ош шаарларында аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы митингдер өткөн. Андан соң ИИМдин жалпы 44 кызматкери жазаланып, анын ичинен 12 жетекчиси жана кызматкери ээлеген кызматтарынан бошотулган.

Ушундай эле окуя 2018-жылы да орун алган. 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызын Марс Бөдөшөв достору менен уурдаган. Ошол эле күнү алар милиция тарабынан кармалып, Чүй облусунун Жайыл райондук милиция бөлүмүнө алып келинген. Көп өтпөй Бөдөшов Бурулай отурган бөлмөгө кирип келип, бычак сайып, андан соң өзүнө да кол салууга аракет кылган.

Свердлов райондук соту Марс Бөдөшовду күнөөлүү деп таап, анын мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кескен. Ошондой эле, ал маркум кыздын үй-бүлөсүнө 800 миң компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилген. Ал эми ала качууга көмөк көрсөткөн Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыраган. Бишкек шаардык соту дагы бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Тема боюнча:

Талас: 18 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелгендердин бири өз жанын кыйды