Өмүрбек Бабановго үй-бүлөсү менен жолугушууга уруксат берилди

«Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча кармалган мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановго үй-бүлөсү менен УКМКнын тергөө абагында жолугушууга уруксат берилди.

Буга чейин Бабановдун фейсбуктагы барагында УКМКнын тергөөчүсү ага үй-бүлөсү менен жолугушууга расмий тыюу салганы кабарланган.

Адвокаттар тергөөчүнүн чечимине карата даттангандан кийин бул чечим өзгөртүлгөн.

Уулу жана жубайы менен жолугушууга тыюу салуу

14-июнда Бабановдун адвокаты Амантур Абдырахманов сотко арыз берип, тергөөчүнүн токтомун мыйзамсыз деп табууну жана аны жол берилген мыйзам бузууларды жоюуга милдеттендирүүнү суранган.

«Жолугушууга тыюу салууга бул негизсиз себеп! Жубайы менен уулу тергөөгө кантип тоскоолдук жаратышы мүмкүн? Мүмкүн эмес. Мындай жолугушуулар тергөө абагынын кызматкерлеринин көзөмөлү алдында өтөт. Жолугушууга тыюу салууну биз Өмүрбек Бабановдун мыйзамдуу укуктарын бузган гумандуулукка каршы жана адамкерчиликке жатпаган мамиле катары кабыл алдык», — деген адвокат.

Бабановдун жубайы болуп жаткан окуяларды «укуктук жактан чектен ашкандык» деп атаган.

«Муну Өмүрбек Бабановго карата кыйноо катары кабыл алса болот. Мен жана уулубуз тергөөгө кандай тоскоолдук жаратмак элек?» — деп суроо салган ал.

Буга чейин «Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча кармалган экс-премьер министр Өмүрбек Бабанов УКМКнын ТИЗОсунан кат жазган. Анда эмне себептен ага карата «Кумтөр» менен жең ичинен сүйлөшкөн деген айып тагылганы жөнүндө айтып берген. Ал айыптоолорду «былжырак кеп» деп атаган.

«[Мени эмне үчүн соттоп жатышат?] Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштеп, жерди элге кайтарып, Центерра менен катуу конфликтке барганым үчүн соттолуп жатамбы? Же башка да себептер барбы? Айыптоочу тарап мен премьер-министр кызматында турганымда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын убактылуу депутаттык комиссиянын отчетуна каршы добуш берүүгө “үндөгөн” деген суу кечпеген жүйөө келтирип жатат. Бул эмне деген былжырак кеп?» — деп айтылган саясатчынын катында.

Бабанов судья отурумга ЖМК өкүлдөрүн киргизбей, андан кийин жыйындын видеотасмасын техникалык себептерге таянып бербей койгонун билдирген.

«Соттук териштирүү түшүрүлгөн видеону да бергенден коркуп жатышат. Себеби, соттогу абсурддук кырдаалды видеожазуудан бардыгы көрө алышмак. Тергөөчү менен прокурор бир да суроого жооп бере албай башын жерге салып турушту. Анткени алар бир нерсени билишкен – мага коюлуп жаткан айып эч нерсеге жарабаган, акылга сыйбаган айыптоо. Мени жөн эле соттоп жатышат», — деп билдирген Бабанов.

Ошондой эле ага карата өзү түзгөн «Кумтөрдүн» ишин иликтөөчү комиссиянын иштешине тоскоолдук жараткан деген айыптоону «акылга сыйбас» деп атаган.

«Дагы бир нерсе, 2016-жылы парламентке Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн өздөштүрүү тууралуу мыйзамды алып келишкенде жеке мен жана биздин фракция каршы добуш бергенбиз. Бул менин Центеррага системдүү түрдө каршы чыгып жүргөнүмдүн дагы бир далили. Мага 2012-жылдын акырына чейин иштегенге мүмкүнчүлүк бербей коюшканы өтө өкүнүчтүү – биз Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн сөзсүз түрдө 70%га жеткирип, Кыргызстан өзү “Кумтөрдү” башкарып калмак», — деп жыйынтыктаган Бабанов.

«Кумтөрдүн» айланасындагы кармоолор жана чуулар

Саясатчы Өмүрбек Бабанов 31-майда «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалган. Анда мамкомитет Бабанов «тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде» кармалганын билдирген.

Саясатчынын адвокаты Амантур Абдрахманов Өмүрбек Бабанов өзүн «Кумтөр» иши боюнча күнөөлүү деп эсептебейт жана тергөө менен кызматташууга барбайт деп билдирген. Анын айтымында, экс-премьер протоколго дагы кайсы кылмышка шектеп жатканы түшүнүксүз экенин жазып берген.

«Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча Бабановдон сырткары экс-депутат Исхак Пирматов, депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Талантбек Узакбаев кармалган.

«Кумтөрдүн» айланасындагы чыр бир нече аптадан кийин башталган — бул 6-майда парламент депутаттары жеке компанияда сырткы мамлекеттик башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алышкандан кийин болгон.

Дагы бир апта өткөн соң, 12-майда «Кумтөр Голд Компанинин» ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия ишинин алдын-ала жыйынтыгын жарыялаган. Анда комиссия мүчөлөрү компаниядан 459 млрд сом же 4 млрд 252 млн доллар өндүрүп алууну сунушташкан.

Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Натыйжада бийлик «Кумтөр Голд Компаниге» тышкы башкаруучуну дайыдашкан. Ал Канаданын Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон Канаданын жараны Теңгиз Бөлтүрүк болгон.

Мындай чечим канадалык компанияны — Centerra Gold Inc — канааттандырган эмес. Компания кыргыз өкмөтүн Арбитраждык сотко берерин билдирген. Centerra республика өкмөтүнүн иш-аракети тараптар ортосундагы кол коюлган келишимдерди бузат деп эсептейт.

Ошол эле учурда, Канада компаниясы өкмөт аларга кайрылса «конструктивдик» диалогго даяр экенин билдирген.