Нарында жугуштуу илдеттер ооруканасы 10 айда курулуп пайдаланууга берилди

Нарын шаарында облустук бириккен ооруканасынын жанына 70 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы пайдаланууга берилди. Каражаттын жоктугунан улам оорукананын курулушу дээрлик бир жылга созулган.

79,2 млн сомго жумшалган оорукананын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана облустук бийлик өкүлдөрү катышты.

Коронавирус инфексиясы кескин жайылып жаткан мезгилде Нарында жугуштуу ооруларды дарылоо үчүн имарат тартыштыгы жаралган. Мындан улам өткөн жылдын август айында жеңил конструкциядагы жаңы бейтапкана курула башталган. Бир айда пайдаланууга берилет деген оорукана каражаттын жоктугунан 18-июнда эшигин ачты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова «Клоопко» курган маегинде Нарындагы медкызматкерлерге жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга быйылкы жылы үй куруп берүү дагы пландалып жатканын билдирди.

«Медкызматкерлерге жакшы шарттарды түзүп берип, окууну жаңы бүтүп келген врачтарга дагы шарт түзүп берип, региондорго иштетели деп жатабыз. Кызыл зонада иштегендерге компенсация төлөп берүү маселеси толугу менен чечилип, азыр акча бөлүштүрүлүп жатат», — деди ал.

Бакашованын айтымында, жаңы ачылган ооруканага үч жарым миллион сомго генераторлор, ИВЛ аппараттары, кислороддук концентраторлор жана медициналык жабдуулар тапшырылды.

Бейтапкананын 50 керебети бокс палатада, калганы реанимациялык бөлүмдө жайгашкан. Мындан сырткары, ал суюк кычкылтек системасы менен жабдылган.

Курулушу кечикке жугуштуу оорулар ооруканалары

Коронавирус илдети кескин жайылып жаткан мезгилде өлкөдө оорукана тартыштыгы жаралган, мындан улам өкмөт аймактарга жаңы жугуштуу илдеттер ооруканасын курууну баштаган.

2020-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарында 77,5 миллионго 100 орунга ылайыкташкан жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылган. Аны Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду каржылаган. Оорукана 25-июлда башталып, мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов кыска убакыттын ичинде бүтүрүүнү талап кылган. Бирок оорукана октябрда гана ачылган.

Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстандын колдоосу менен 200 орунга ылайыкташкан жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылган. Мындан сырткары бийлик Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имаратын оңдоп 90 орунга ылайыкталган жугуштуу оорулар ооруканасын пайдаланууга берген.

Мындан сырткары Жалал-Абал облусунун Сузак райондорунда ишкерлер жана тургундардын демилгеси менен 15 миллион сомго лицейдин имараты 360 орундуу бейтапкана болуп оңдоп-түзөлгөн.

Ал эми өткөн жылдын аягында Ош облусунун Алай районунда 60 орундуу жана Кара-Суу районунда 150 орундуу инфекциялык оорукана курулган. Имараттар мурда мектеп жана кесиптик лицей болгон.

Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы 100 орундук имараты пайдаланууга сегиз ай кечигүү менен берилген.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Нарында саламаттык сактоо министрин «сүрөткө түшкөнү келдиң беле» деп уяткарышты