Бабановдун тарапташтары президенттен саясатчыны бошотууну талап кылышты

Өмүрбек Бабановдун тарапташтары кайрылуу жасап, президент Садыр Жапаровдон саясатчыны бошотууну талап кылышты.

Алар кайрылуусунда Бабановдун кармалышын «негизсиз» деп эсептеп, «көп суроолорду» жаратканын айтышкан. Андан тышкары, ал премьер-министр болуп турганда Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп, канадалык Centerra Gold компаниясына «чоң талаптарды» койгонун кошумчалашкан.

«Өмүрбек Бабанов 2012-жылы премьер-министр болуп турган кезде “Кумтөрдүн” иши боюнча эң алгачкы мамлекеттик комиссия түзүп, “Центерранын” жетекчилиги менен жолукканда ачык жана кесе сүйлөгөн сөзүнө архивдик видеолор аркылуу баарыбыз күбө болдук», — деп айтылат кайрылууда.

Саясатчынын тарапташтары Бабановго «Кумтөр» боюнча мамкомиссиянын ишин аягына чыгаруу убакыт берилген эмес деп дагы эсептешет.

«Өмүрбек Бабановго байланыштуу иликтөө иштеринин бейтарап, мыйзам чегинде тыкыр иликтенишин өтүнөбүз. Сизден [Садыр Жапаров] суранычыбыз, Өмүрбек Бабановго болгон бөгөт чарасын тышка кетпөөгө өзгөртүп, боштондукка чыгарууну өтүнөбүз», — деп айтылат катта.

«Кумтөр» ишине байланыштуу кармоолор

Кумтөр кениндеги коррупция иши бир катар жогорку кызмат адамдары менен саясатчылар камалгандан кийин коомдо резонанс жаратты. Кармалгандардын арасында мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана бир катар депутаттар бар:

  • Талантбек Узакбаев;
  • Алмазбек Баатырбеков;
  • Төрөбай Зулпукаров;
  • Асылбек Жээнбеков;
  • экс-депутат Исхак Пирматов.

Мындан тышкары, УКМК мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди кармаган. Сот анын баш коргоо чарасын карап, 31-июлга чейин УКМКнын ТИЗОсунда калтырууну чечкен.

Өмүрбек Бабанов 31-майда «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалган. Кийин ага карата 31-июлга чейин УКМКнын ТИЗОсуна камакка алуу чечими чыккан. Ал эми саясатчынын адвокаты Амантур Абдрахманов Өмүрбек Бабанов өзүн «Кумтөр» иши боюнча күнөөлүү деп эсептебейт жана тергөө менен кызматташууга барбайт деп билдирген.

Кийин Бабановдун кармалышына нааразы болгон тарапташтары Бишкекте жана саясатчынын кичи мекени Таласта митинг өткөрүп, экс-премьер-министрди бошотууну талап кылышкан.

«Кумтөрдүн» айланасындагы чуу

«Кумтөрдүн» айланасындагы чыр бир нече аптадан кийин башталган — бул 6-майда парламент депутаттары жеке компанияда сырткы мамлекеттик башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алышкандан кийин болгон.

Дагы бир апта өткөн соң, 12-майда «Кумтөр Голд Компанинин» ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия ишинин алдын-ала жыйынтыгын жарыялаган. Анда комиссия мүчөлөрү компаниядан 459 млрд сом же 4 млрд 252 млн доллар өндүрүп алууну сунушташкан.

Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Натыйжада бийлик «Кумтөр Голд Компаниге» тышкы башкаруучуну дайыдашкан. Ал Канаданын Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон Канаданын жараны Теңгиз Бөлтүрүк болгон.

Мындай чечим канадалык компанияны — Centerra Gold Inc — канааттандырган эмес. Компания кыргыз өкмөтүн Арбитраждык сотко берерин билдирген. Centerra республика өкмөтүнүн иш-аракети тараптар ортосундагы кол коюлган келишимдерди бузат деп эсептейт. Ошол эле учурда, Канада компаниясы өкмөт аларга кайрылса «конструктивдик» диалогго даяр экенин билдирген.