Ошто кайра шайлоого катышууга арыз берген 76 талапкер тизмеден алынды

Сүрөт: Хамидулоо Узаков/Kloop

Ош шаардык кеңешине ат салышкан тогуз партиянын 76 кандидаты шайлоодон четтетилди — анын 14ү мурдагы шайлоодо мыйзам бузган. Бул тууралуу калаанын шайлоо комиссиясынын төагасы Кушубак Ныязбеков «Азатыкка» билдирди.

Кушубаковдун айтымында, жалпы тогуз партиядан 763 талапкер арыз берген. Ал эми 76 талапкер тизмеден четтетилген. Анын ичинен «Ата Журт-Кыргызстан» жана «Улуттар Биримдиги» партияларынын 14 кадидаты мурдагы шайлоодо мыйзам бузганы үчүн каттоого алынган эмес.

БШК учурда Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышууга катталган партиялардын тизмесин жана мыйзам бузгандардын аты-жөнүн 21-июнда

жарыялайт деп күтүлүүдө.

Кайра шайлоого катышуу ниетин 11-апрелдеги жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого катышкан «Ынтымак», «Улуу-Журт», «Бир бол», «Бүтүн Кыргызстан», «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги» партиялары билдирген. Ошондой эле депутаттык мандат үчүн «Биздин Кыргызстан», «Келечек-Будущее» жана «Нур» партиялары ат салышууну каалаган.

Боршайком Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңешине 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мындай чечим добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир берген бузуулардан — добуш сатып алуу, админресурс, шайлоочуларды жапырт катоодон — улам кабыл алынган.

Үч шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 11-июлга дайындалып, ага 48,3 млн сом сарпталат деп пландалууда. 20-июнда үч шаардык кеңеште шайлоо өнөктүгү башталды.