УКМКнын башчысы: Суракматов казынага 125 млн сом төктү, дагы 25 млн төгүшү керек

Азиз Суракматов

«Мыйзамсыз баюу» жана «Коррупцияга» шектелген Бишкек шаарынын экс-мэри Азиз Суракматов мамлекттик бюджетке 125 млн сом төктү. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы басма сөз жыйынында билдирди.

«Азыр тергөө жүрүп жатат. Ал жалпысынан 150 млн сом төгүшү керек. Ал дагы 25 млн төлөгөндөн кийин аны коё бере алабыз», — деди Ташиев.

Атайын кызмат Суракматовду 26-майда кармаган. Учурда ал УКМКнын тергөө изоляторунда.

Тергөөнүн маалыматка ылайык, Суракматов мэр болуп турганда ири курулуш компанияларга муниципалдык жерлерди берүү боюнча коррупциялык схеманы түзгөн.

УКМК Суракматов жана анын жакындарынын активдери «негиздүү кирешелерсиз» ыкчам өскөнүн белгилеп, экс-мэрге байланыштуу активдердин баасын 50 млн долларга баалады.

Атайын кызмат тараткан маалымата Суракматовдун жакындарына Бишкек шаарында 15 компания, Ысык-Көл облусунда эки коттедж жана бир эс алуучу жай катталганы жазылган.

Азиз Суракматов 2018-жылдын август айында Бишкектин мэриясынын жетектеп баштаган. Ал эми 2020-жылдын октябрдагы төңкөрүштөн кийин ал өз калоосу менен кызматтан кеткен.

Суракматов жетектеген Элдик-Демократиялык партиясы (КЭДП) 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешке катышып, алдын ала эсептөөлөр боюнча 10 пайыз добуштарга ээ болгон. Партия шаардык кеңештеги 8 мандатка ээ болушу керек болчу.

Анткен менен Борбордук шайлоо комиссиясы 19-апрелде КЭДПны шайлоодон четтетип салган. Буга партиянын өкүлдөрү шайлоо күнү добуштарды сатып алууга шектелип жатканы себеп болду.

Кийинчерээк Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы «Эмгек» жана «Ак-Бата» партияларын да четтетип, шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныган. Боршайком бул чечимди колдоду. Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоо 11-июлда өтөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Суракматовго байланышы бар делген компаниялардын башында кимдер турат?