Оштун мэри Акылбек Жапаровду шаардагы жасалып аткан иштер менен тааныштырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана экономика министри Акылбек Жапаров 18-июлда Ош шаарына иш сапары менен келди. Анын алкагында калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов Жапаровду шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ишке ашып жаткан долбоорлор менен тааныштырды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы Жапаров Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жана Салиева көчөсүн оңдоо, ошондой эле, Навои жана Токтогул парктарын реконструкциялоо боюнча иштер менен таанышып чыкканын билдирди.

«Биз жарандардын жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, инфраструктураны өркүндөтүүгө жана турак жай кварталдарын иретке келтирүүгө багыт алабыз […] Келечекте алдыда ишке ашыра турган көптөгөн ири долбоорлор бар», — деп билдирди Сарыбашов.

Ак-Буура дарыясын оңдоо боюнча тендер

Оштун мэриясы Ак-Бууранын жээгин көрктөндүрүүнү 2019-жылдын аягында пландаган. Ал эми 2020-жылдын башында мэрия дарыянын жээгин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү долбоорун иштеп чыгуу үчүн 1 млн 200 миң сом каражат бөлүүнү чечкен.

Долбоорго ылайык, Нурматов көчөсүнөн Курманжан-Датка кичи районуна (мурдагы Юго-Восток) чейин 5 400 метр дарыянын жээгин көрктөндүрүү пландалып жатат. Буга чейин мэрия дарыянын жээгин мыйзамсыз курулуштардан тазалоону баштаган.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 252 млн сом бөлүнмөкчү — анын 60 млну 2020-жылы бөлүнгөн. Ошол эле жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам тогуз айда Ош шаарынын бюджетине 102 млн сом түшпөй калган.

Жылдын башында «Кактус» басылмасынын журналисттери Ак-Буура дарыясынын көрктөндүрүү боюнча тендерди утуп алган «Капитал Курулуш» компаниясы иликтеп чыгышкан. Журналисттер «Капитал Курулуштун» негиздөөчүлөрүнүн бири Айбек Осмонов менен байланышы бар болгонун аныкташкан.

Айбек Осмонов үстүбүздөгү жылдын март айынан тарта депутаттык мандатка ээ болгон. Ал Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык делген «Мекеним Кыргызстан», «Ыйман Нуру» жана Ош шаардык кеңешине өткөн «Биздин Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү.

*Осмонов Матраимовдор жасаган «басымдан» улам «Мекеним Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру» партияларынын тизмесинен чыгууга аргасыз болгону айтылган.

Ошондой эле депутаттын бир тууганы Нурбек Осмонов «Каганат Инвест» холдингине ээлик кылат — анын ичинде «Ихлас» («Кыргыз Каганат») курулуш компаниясы, Оштогу электромобил чыгаруучу «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз Текстиль ЛТД» бар.