«Женгонун» айдоочу-жансакчысы Оштун тургунун сабап, акчасын тартып алууга шектелип кармалды

23-июлда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, кримтөбөл «Женгонун» 26 жаштагы айдоочу-жансакчысын кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы ал Ош облусунун Куршаб айылынын тургунун ур-токмокко алууга шектелип жатканын маалымдады.

«Жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2021-жылдын 10-июлунда бир нече жаран менен биргеликте денеге залал келтирүү менен коштолгон ээнбаштык аракеттерге катышкан. Алар Ош шаарындагы кафелердин биринин жанында Куршаб айылынын тургунун ур-токмокко алышып, бычак менен коркутушкан», — деп жазылат билдирүүдө.

ИИМден билдиришкендей, шектүүлөр жабырлануучунун 1600 доллар жана 48 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты салынган капчыгын тартып алышкан.

Аталган факты Жазык кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча катталып, ыкчам-издөө иштеринин негизинде Ош шаарынын тургуну кармалган. Министрликтен билдиришкендей, шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган. Ал Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2019-жылдын 15-октябрында Досонов жана анын айдоочусу жол тескөөчүлөрдүн унааны токтотуу талабына баш ийбегени үчүн кармалган.

Милициядан унаанын мамлекеттик номуру жок болгонун жана аны кароо маалында тапанча табылганын билдиришкен. Тапанча мыйзам түрүндө Досоновдун айдоочусуна катталган.

Айдоочуга транспорт каражатын номуру жок башкарууга 10 миң сом, коопсуз курун тагуу эрежесин бузууга миң сом жана ИИМдин кызматкеринин талабына баш ийбегени үчүн 3 миң сом айыппул салынып, коё берилген.

Кадыр Досонов

Досонов — Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун башчысы катары «Женго» каймана аты менен белгилүү. Ал үстүбүздөгү жылдын 11-февралда кармалып, абакка киргизилген.

Анткен менен Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева «Женго» УКМКга өзү келгенин кабарлаган. Ошондой эле, ал Досоновдун уулуна жана мурдагы жубайынын бир тууганына укук коргоо органдары тарабынан баңгизат «ташталганын» белгилеген.

Мындан сырткары жактоочу УКМКнын кызматкерлери Досоновго буга чейин «эл көзүнө кармалып берүүсүн» сунуштаганын ачыктаган. Адвокаттын айтымында, атайын кызмат «Досонов аз эле отуруп чыгат» деп убада кылган.

Бирок Сүйүнбаева бул сунуштан баш тарткандан кийин атайын кызмат анын үйүндө «мыйзамсыз» тинтүү жүргүзгөнүн кабарлаган.

УКМК өткөн жылдын 30-ноябрында Досоновдун «менчикке каршы оор кылмыш жасоого катыштыгы бар» деп ага издөө жарыялаган.

Женго кармалгандан кийин 17-февралда УКМК аны «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого» шектеп жаткандыгын кабарлаган. Ошондой эле, Досоновго жана анын жакын туугандарына ар кандай класстагы 19 автоунаа, 15 турак жай жана 35 жер тилкеси катталганын билдирген.

Кадыр Досонов 2015-жылдын февралында милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берүүгө айыпталган. 2017-жылы Кара-Суу райондук жана Ош облустук соттору аны актаган өкүм чыгарган. Көп өтпөй бул чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырган.

Тема боюнча:

УКМК: «Женгонун» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү опузалоого шектелип кармалды

УКМК: «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов кармалды

УКМК: «Женгонун» балдары экинчи кылмыш жасабайбыз деп эл алдында убада берди