«Саке Сокенин ишин улантып жатабы?» Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусу

Алмазбек Атамбаев

Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев анын кайрылуусун жарыялады. Анда Атамбаев өлкөнү башкаруу маалында «ката кетиргенин моюндап», учурдагы бийликтин иш-аракетин да кескин сындады.

Атамбаев эмне деди?

Атамбаев 30 жылдын ичинде өлкө «көптөгөн сыноолорду башынан кечиргенин» айтып, Кыргызстанда эгемендүүлүк жылдары үч жолу төңкөрүш болгонун эске салды.

«Бүгүн дагы азыркы бийлик мөөнөтүнүн аягына чейин тынч отурат деп эч ким кепилдик бере албайт. Бул бийликке да суроо көп...», — дейт Атамбаев.

Мурдагы президент убагында «көп ката кетиргенин» айтып, ошол эле учурда мөөнөтүн тынч аяктап, бийликти кийинки башчыга тынч жол менен өткөрүп берген жалгыз президент болгонун белгиледи*.

*Атамбаев бийликти тынч жол менен өткөргөн жалгыз президент эмес — ага чейинки президент, өткөөл мезгилде өлкөнү башкарган Роза Отунбаева 1,5 жылдан кийин бийликти шайланган президентке өткөрүп берген.

Атамбаев анын башчылыгы учурунда ишке ашкан иштерди атап, «30 жылда жасалган жакшы иштердин бир тобу анын тушунда аткарылганын» айтты.

Мындан сырткары Алмазбек Атамбаев сүрөтчү Таалайбек Усубалиевдин белгилүү алты президентти «Ата-Бейитте» тарткан сүрөтүнө да токтолду. Атамбаев коомчулукта бул сүрөт «Кыргызстандын жаназасы» деп аталып калганын эске салып, «бийликтегилерди терең ойго салышы керек» деген пикирде.

«Бул элдик пикир жаңы бийлик мамлекетти он ай гана башкаргандан кийин эле пайда болгону, көптөгөн адамдар жакшы жакка өзгөрүүлөргө үмүтүн үзүп, өлкөнүн келечеги бар экенине ишенбей баратканын далилдеп жатат… Бул сүрөттө Садыр Жапаров мурдагы президенттердин катарында эң акыркысы болуп турат. Демек жаназаны ал өткөрөбү? Кыргызстанды ал көмөбү? Эмнеге элде ушундай ой, пикир пайда болду? Балким, президент ойлоноор маал келди? Туура жолду тандадыбы? Өлкөнү туура багытта алып бара жатабы?» — деп суроо салды ал.

ТЕМА БОЮНЧА: «Сүрөттө эч кандай саясат жок». «Ата-Бейитте» чогулган алты президент

Кумтөр жана октябрь окуялары боюнча

Ошондой эле Атамбаев Кумтөр кени чет өлкөлүк компанияга өтүп кеткенине күнөөлүү болгондор мамлекеттик резиденцияда сый-урмат менен тосулуп*, ал эми 2020-жылдын октябрь окуяларында «таш ыргытып, тапанча менен аткандардын артында болгондор Жапаров менен бирге мамрезиденцияда жашап жатат» деп билдирди.

Атамбаев октябрь окуясына кайрылып, эл арасында жоопсуз суроолор көп болгонун белгиледи. Анын айтымында, мунун баарын президент чың жүрөктөн түшүнүүгө аракет кылса болот же көздү жумуп Сокеге окшоп «фактыларды бергиле» деп кайталай берсе да болот деди. Бирок ал «жумулган көз менен келечекке жол табуу кыйын» деп эскертти.

«Эмне үчүн Соке менен бирге өлкөнү октябрь окуясына алып келгендер бүгүн мурдагыдай күч органдарын да, өлкөнүн экономикасын да башкарып жатышат? Эми алар өлкөнү кайсы аңга алып барышат? Эмне үчүн кылмыш иштер 5-октябрда элге ок атууга буйрук бергендерге эмес эл менен чогуу аянтта жүргөндөргө козголуп жатат? Же Саке Сокенин ишин улантып жатабы? Ушундай суроолор элде көп» — деди Атамбаев.

Атамбаевге байланыштуу иштер

Укук коргоо органдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга айыптап, «Коррупцияга» боюнча иштин алкагында Кой-Таштагы үйүн 2019-жылдын 7-8-агусттарда штурмга алган. Мындан сырткары Атамбаев «Мыйзамсыз баюу», «Кылмыштуу кирешелерди адалдоо» жана Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу «Коррупцияга» шектелүүдө — иш сотко өттү.

Штурм учурунда Атамбаевдин тарапташтары жана күч органдарынын ортосунда кагылышуу болуп, анын кесепетинен спецназчы Үсөнбек Ниязбеков октон каза таап, Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкуловдун башына таш тийип, жаракат алган.

Атамбаев кармалып, УКМКнын имаратына жеткирилгенден кийин анын жүздөгөн тарапташтары Ала-Тоо аянтына нааразычылык акциясына чыгышкан. Анда укук коргоо органдары менен митингчилер кагылышып, акцияга чыккандар күч менен таратылган.

«Кой-Таш окуялары» боюнча «Бийликти күч менен басып алуу», «Массалык баш аламандыкты уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү», «Адам өмүрүнө кол салуу» жана «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук» беренелери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

2020-жылы алгач Биринчи май райондук соту Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча күнөөлүү деп таап, аны 11 жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырды.

Ал эми 2020-жылдын 5-октябрга караган түнү парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгондор бир катар саясатчыларды абактан бошотушкан. Алардын ичинде Атамбаев жана учурдагы президент Садыр Жапаров да болушкан.

9-октябрда Алмазбек Атамбаев менен экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапташтары ошол кездеги премьер-министрдин м.а. Садыр Жапаровдун тарапташтары менен кагылышкан. Анын эртеси күнү Атамбаев «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга» шектелип, аны Кой-Таштагы үйүнөн УКМКнын кызматкерлери кармап кетишкен.

Жыл башында Жогорку сот «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча ишин кайра кароого жиберген — анткен менен Атамбаев абактан бошотулган эмес. Учурда мурдагы президент №47 колониясында кармалууда.

Ал арада 2021-жылдын июль айында Атамбаевге карата дагы бир сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Ал жана анын тарапташы Фарид Ниязов 2016-жылы ондогон Түркиянын жарандарына «мыйзамсыз» кыргыз паспортторун берүүгө шектелип жатышат.

Тергөө иштери «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды Түркиянын улуттук чалгындоо кызматы тарабынан уурдалып, Анкарага жеткирилгенден кийин башталган. УКМК Инанды түрк жарандуулугунан чыкпай туруп кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган деп билдирген.