Таалайбек Сарыбашов шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» менен катышат

Таалайбек Сарыбашов

Ош шаарынын экс-мэри Таалайбек Сарыбашов парламенттик шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен барат. Бул тууралуу «Клоопко» анын мурдагы кеңешчиси Азамат Абсаттаров билдирди.

10-октябрда аталган партия съездин өткөрүп талапкерлердин тизмесин бекитти. «Кактус» басылмасынын маалыматына ылайык, партиянын алдынкы бештигине депутат Бакыт Төрөбаев, экс-вице-премьер министр Равшан Сабиров, өкмөттүн сот өкүлчүлүгү борборунун директорунун орун басары Жамиля Исаева жана Сарыбашов кирди. Ал эми партиянын жетекчиси Айбек Маткеримов шайлоого өзү жетектеп бармай болду.

Шайлоодон кийин кызматынан кеткен Сарыбашов

Үстүбүздөгү жылдын апрель жана июль айларында шаардык кеңешке өткөн шайлоолордо бир нече партиялар «Ата-Журт Кыргызстанды» админресурс колдонууга айыпташкан. Анда ошол кездеги мэр Таалайбек Сарыбашовдун да аты аталып, коомчулукта Сарыбашов «аталган партияны колдойт» деген кептер тараган.

«Ата-Журт Кыргызстандын» талапкерлеринин дээрлик жарымы мамкызматкерлер жана мэриянын жетекчи кызматындагылар болгон.

Июлдагы кайра шайлоо алдында болсо президент Садыр Жапаров Сарыбашов менен жолугуп, ага «админресурска жол бербөөнү» тапшырган.

Бирок Сарыбашов 11-июлда «эки шайлоодо тең админресурс колдонулбаганын» айтып, анын «Ата-Журт Кыргызстанга» «тиешеси бар» делген маалыматты «доомат» деп атаган. Ошондой эле «депутаттар колдоп берсе» кайрадан мэр болуу ниети бар экенин айткан болчу.

Анткен менен шайлоодон кийин Сарыбашов кызматынан алынып, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бирок он күндөн кийин өз каалоосу менен кызматын тапшырып, парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирген.

«Ата-Журт Кыргызстан» жана Ташиев

Айбек Маткеримов жана Камчыбек Ташиев

Коомчулукта «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге тиешелүү деп айтылат. Бирок Ташиев өзү бул маалыматты четке каккан.

Ал эми Юстиция министрлигинин сайтында аталган партиянын жетекчиси катары Айбек Маткеримов көрсөтүлгөн.

Маткеримов Камчыбек Ташиевдин айылдашы — ал 2016-жылдан тартып 2020-жылдын октябрына чейин Барпы айыл өкмөтүндө «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп турган.

Ошондой эле 2017-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт» партиясынан талапкер болгон. Өткөн жылдын октябрында жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен аттанган.

Анда «Мекенчилди» Камчыбек Ташиев баштап барган. Мындан сырткары Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев да Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутат болуп шайланып, бирок октябрь айынын башында мандатын тапшырды. Муну ал «бизге саясатка аралашууга эрте деп» түшүндүрдү.

Ташиев өзү 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ата-Журт» партиясынын курамында келген. Ага чейин ал парламентте 2005-2007-жылдары депутат болгон.