Жеңиш Молдокматов «аялы менен кызынын телефону тыңшоого алынганын» билдирди

«Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов «11 жаштагы кызы менен аялынын телефону тыңшоого алынганын» айтып чыкты. Бул тууралуу ал 2-ноябрда Биринчи май райондук сотунда октябрь окуялары боюнча сот отуруму башталганга чейин билдирди.

«Биз атайылап текшердик, менин атымдан кызымдын телефонуна маалымат жөнөтүлгөн. Ошол күнү менин камерамда тинтүү жүрдү. “Сиздин кызыңыз менен аялыңыздын телефону тыңшоого алынган” деп ачык эле айтышты. Мени өлкөдөгү эң коркунучтуу террорист, президенттин эң кооптуу атаандашы катары камасын, кыйнасын. Бирок, үй-бүлөмдө, кызымда эмне күнөө? Кызым мамлекеттик төңкөрүш кылып, бийликти алмаштырат бекен?», — деди ал.

Буга чейин, 1-ноябрда «Туран» партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу «Клоопко» саясатчы Жеңиш Молдокматов Бишкектеги №1 тергөө изоляторунда «басымга» кабылганын билдирген. Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматыны бул маалыматты четке каккан.

«Туран» саясий партиясы 28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуу үчүн «Ата Мекен» партиясына кошулган. Ага чейин атамекенчилер «Реформа» партиясы менен бириккен болчу.

Молдокматовдун кармалышы

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы Жеңиш Молдокматовду 6-майда кармаган. Ал «Жайды, имаратты же курулманы өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алууга» шектелип жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Молдокматов 5-6-октябрь күндөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратын басып алып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаеди бошотууга мажбурлаган. Кийинчерээк саясатчынын адвокаты Турдалиев анын беренеси «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» алмашканын билдирген.

Ал эми Биринчи май райондук соту 8-майда Молдокматовду эки айга камакка алган. «Туран» партиясынын лидери абактан жазган катында мамлекетте «адилеттүүлүккө жана чындыкка болгон үмүт өчтү» деп билдирген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жеңиш Молдокматовду 6-сентябрга чейин №1 тергөө изоляторунда калтырган.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов буга чейин президент Садыр Жапаров баш болгон бийликти сындап келген. Молдокматов Жапаров демилгелеген Баш мыйзамга каршы экенин билдирип «Ханституцияга каршы» борборун жетектеген. Ал жаңы Баш мыйзам кабыл алынса бийлик узурпацияланышы мүмкүн экенин айткан.

Ошондой эле саясатчы «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жээгинен Өзбекстанга жер берүүгө каршы чыгып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иш-аракетин сынга алган.

Мындан сырткары Молдокматов Ташиев кыргыз-тажик чек арасында ок атууларды алдын алууга аракет кылган жок деп сындап, анын отставкасын талап кылган.

Тема боюнча:

ЖАМК Жеңиш Молдокматов «кыйноолорго кабылды» деген маалыматты четке какты

Жеңиш Молдокматовдун жүрөгүнө «Бикард» клиникасында операция жасалды